Жалал-Абадда 10 жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Такталган маалымат боюнча, Токтогул районунун Бишкек – Ош унаа жолунун Итагар тилкесинде Чычкан суусунан 1 чакырым жогору жайгашкан Данги суусунун боюнда апасы менен бүлдүркөн терип жүргөн 10 жаштагы бала сууга агып кеткен.
А.Б. аттуу бала Камбар -Ата кичи шаарчасынын тургуну.
Издөө куткаруу иштерин жүргүзүү максатында №97 ӨККБдан жалпысынан 7 куткаруучу тартылып, саат 18:40та баланын сөөгүн таап, туугандарына өткөрүп беришкен.