Быйыл белгилүү мамлекеттик жана саясий ишмер Абсамат Масалиевдин 90 жылдык мааракеси белгиленет. Бул тууралуу Жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду. Апсамат Масалиев Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон инсан. Анын 90 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров башында турган уюштуруу комитети түзүлдү.
Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы