"Эркин-Тоо"

Ар бир дарактын эсеби болушу зарыл

Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өткөн аптада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде жыйын өткөрүп, министрликтин жетекчилигине бир катар артыкчылыктуу милдеттерди коюп, ведомствонун ишин сынга алды. Министрлер Кабинетинин башчысы бир жыл мурда министрликке коюлган тапшырмалар толук аткарылбай жатканына нааразычылыгын билдирди. Буга чейин да Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүргүзүлгөн мониторингде “2” деген баа алган эле.

Учурда министрлик кызматка келген  Мелис Тургунбаевдин келгенине аз эле убакыт болду. Министрликтин жетекчилери аткарылган иштер тууралуу отчёт бергенде эле “Жашыл Мурас” улуттук программасынын алкагында  отургузулган 8 млн көчөт тууралуу  айтып  калышат. Мурдагы министр Динара Кутманованын иши болсо дайыма сынга алынып, акыркы кездерде анын министрликте “ханыша” болуп алгандыгы да  кыйытылган. Айтор, дүйнө эли климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруу боюнча программалардын үстүндө иштеп, экологиялык маселелер биринчи орунга чыгып жатса, биздин мурдагы министр айым жай баракат жүрүп алганы чындык болчу.  Динар Кутманова Бишкек жана Ош шаарын кыш мезгиленде каптаган ыш маселесин чечүүдө да алгылыктуу  сунуштарды айтып чыга албай бир топ сынга кабылган.  Ошентип  жакшы ниет менен түзүлгөн министрликтин ишин тартып кете албаган Динара Кутманова жакында эле кызматынан кол жууган.

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрликте 6 орун басар эмне иш  менен алектенип отурганы белгисиз экендигин баса белгиледи.  Ал республиканын бардык жаратылыш ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн жана эсепке алуунун механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасынын жыйынтыгы болбой жаткандыгына нааразы болуп,  “Бизде жер астындагы жана жер үстүндө эмне бар экенин билишибиз керек. Жердин 3D картасы иштелип чыгышы керек, өлкөнүн суу жана жер ресурстарынын, жаныбарлардын, керек болсо ар бир дарактын эсеби болушу зарыл.  Жерибизде байырлаган  жан-жаныбарлар, өсүмдүктөрдүн бардыгын инвентаризациялоо, экологиялык стандарттарды иштеп чыгуу, техникалык нормаларга ылайык келтирүү зарыл. Бардыгында эсеп болушу керек.  Мунун баарын  тартипке салышыңыз үчүн 30 күнүңүз бар деп», — деп министр Мелис Тургунбаевдин алдына чоң тапшырма койду.

Учурда дүйнө эли, улуу державалардын негизги багыты климаттык өзгөрүүлөргө каршы туруштук берүү, анын кесепеттерин жоюу болуп турат. Илимпоздордун изилдөөлөрү көрсөткөндөй, климаттын өзгөрүшү экономикага да олуттуу кедергисин тийгизип, көп өлкөлөрдүн айласын кетирип турган чак.ЕККУ академиясынын изилдөөсүндө абанын булганышы калк арасында ар түрдүү илдеттер менен өлүмдүн көп катталышына алып келип, эмгекке болгон жөндөмдүлүк төмөндөгөнү айтылды. Абанын курамындагы зыяндуу заттардын өлчөмү (РМ 2.5) 1 мкг/м3 көбөйгөндө дүйнөдөгү мамлекеттердин ички дүң продукциясынын көлөмү 0,8% төмөндөшү күтүлүп жатканы кабарланууда.  Ал эми Кыргызстанда абанын булганышынан улам экономиканын тарткан чыгымы боюнча изилдөө жүргөн эмес. Экологдор аймакта климаттын өзгөрүшүнөн улам мөңгүлөрдүн аянты кыскарып, суу тартыштыгы жаралат деген пикирди кайра-кайра кайталап  айтып келишет. Мына ушундай кырдаалда да биздин тиешелүү министрликтин ишинин чабал болуп жатышы жакшы эмес.  Акылбек Жапаров  эгер 2023-жылдын аягына чейин министрликтин иши натыйжалуу болбосо, ведомствонун мындан ары жоюлушу да каралышы мүмкүн экендигин кыйытты.

Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА

Пример HTML-страницы