Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесине көчкү түшүп, тазалоо иштеринен кийин бир тараптуу кыймыл уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2-июнь күнү саат 19:30–20:00 чамасында жолдун 241–242-чакырымдарында тоо боорунан 60–70 миң м³ көлөмүндөгү көчкү түшүп, жолду тосуп калган. Окуя болгон жерге дароо №24 Жол тейлөө ишканасынын техникалары тартылып, тынымсыз иштердин натыйжасында саат 01:30дар чамасында бир тараптуу каттам ачылып, унаалар өткөрүлдү.
Учурда тазалоо жана жолду кеңейтүү иштери уланууда.