Арал — Казарман унаа жолунда 18-июнга караган түнү тоо боорунан таш кулап, жол тосулду. Таш болжол менен саат 01:00-01:30 чамасында түшкөн.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, №18 Жол тейлөө ишканасынын атайын техникалары таштарды тазалоо иштерин жүргүздү. Эртең мененки саат 06:00дө бир тараптуу каттам ачылып, азыркы учурда жолчулар тазалоо жана жолду кеңейтүү иштерин улантууда.