"Эркин-Тоо"

Арал постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

11-декабрда саат 15:15тен баштап Бишкек — Ош унаа жолундагы Арал постунда чоң жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа жолундагы тыгындарды болтурбоо максатында коюлган чектөө климаттык шарттар жакшырганга чейин уланат.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын №23 жол тейлөө ишканасы тарабынан аба-ырайынын шартына байланыштуу жолдорду (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

«Жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!