"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Арашан – Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальтталат

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, Арашан – Чуңкурчак унаа жолунда оңдоо жана асфальттоо иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө жолдун 0–22-чакырымдар аралыгында кеңейтүү иштери толугу менен аяктап, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана эки көпүрөнү реконструкциялоо иштер уланууда. Айдоочулар үчүн убактылуу айланма жол түзүлгөн, ал эми жакында негизги катмар коюлуп, асфальт төшөө башталат.

Жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдардын эсебинен каржыланып, №25 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылууда.

Арашан – Чуңкурчак жолу туристтик мааниге ээ негизги каттамдардын бири болуп, тоо лыжа базаларына жана аймактагы эс алуу жайларына алып барат. Жолдун оңдолуусу жарандарга ыңгайлуу шарт түзүп, айдоочулардын коопсуз кыймылын камсыз кылат.

Министрлик өлкө аймагындагы туристтик объектилерге барган жолдордун абалын жакшыртууга өзгөчө көңүл бурууда.