Ош облусунун Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы 550 орундуу мектеп толук жаңыланды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, оңдоо иштери 2024-жылы башталып, департаменттин көзөмөлүндө жүргүзүлгөн. Объекттин тендердик баасы 28 миллион сомду түздү.
Жаңылооyey алкагында мектептин чатыры толук алмаштырылып, ички жана сырткы бөлмөлөрү оңдолду. Ошондой эле жарыктандыруу, жылытуу жана өрт коопсуздугу системалары жаңыдан орнотулду.
Белгилүү болгондой, бул мектептин имараты 1977-жылы курулуп, ушул убакка чейин оңдоодон өткөн эмес.