Жетекчи тууралуу маалымат
Каарманыбыз Мамажунусов Чыңгыз Бекмаматович Ош облусундагы Кара-Суу районундагы Каратай айылында туулуп-өскөн. 44 жашта. Бала чагынан эле мектепте эң жакшы бааларга окуп, коомдук иштерге активдүү катышкан идиректүү өспүрүм болгондугун айылдаштары ар качан айтып келе жатышат. Айылдагы айтылуу, кадыр-барктуу үй-бүлөнүн уулу болгондуктан Чыңгыз мырза дагы бала кезинен өзүн татыктуу алып жүрүүгө түздөнүп, алдыңкы жаштардын катарында болду.
Бакыйган эки жогорку билимге ээ болуп, өз учурларында кесиби менен үзүрлүү эмгектене билди. Ош мамлекеттик юридикалык институтунун укук таануу адистигин алып эмгектенди. Кийинчерээк өзүнүн кызматына зарыл болгондуктан юриспруденция адистигин дагы окуп, бүтүргөн. Алгачкы эмгек жолун “Оштазалык” муниципалдык ишканасында кызматкер болуп иштөөдөн баштаган. Ушул мекемеде иштеп жүрүп көптөгөн ийгиликтерге жетишип, мол тажрыйбаларды топтоду.
Чыңгыз Бекмаматович жаштыгына карабай кандай учур болбосун эл-журтунун керегине жарап жатты. 2016-жылы Ош шаарына караштуу Нариман айыл аймакта айылдык кеңешке талапкерлигин коюп, шайлоочуларынын үмүттөрүн актоого аракети күч болду. Элдей калыс болбос атаандаштарын артка калтырып, айылдык кеңештин депутаттыгына шайланды.
Түйшүгү күч депутаттык милдет оңой эмес. Айыл турмушун жакшыртуу үчүн биринчи кезекте ар дайым таңсыкка айланып, айланы курутуп турган каржы маселесин чечүү керек эле. Демек, айыл өкмөттүн бюджетин теске салуу, сарамжалдуулук менен жумшоо, жаңы каржы булактарын табуу абдан зарыл болчу. Иштин ак карасын алаканга салгандай талдап, курч социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө натыйжаларын көрсөттү.
Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалгандыгына 2 жылдан ашты. Адал эмгек, ак кызматы менен чоң жетишкендиктерге ээ болуп бир нече Ардак грамоталар менен сыйланган. Муниципалдык кызматтын III даражадагы кеңешчиси. Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы.
Өлкөбүздүн өнүгүүсү, алга карай өсүүсү элеттеги эл жашоосунун жаркын жактарга багыт алышы, жетекчиликтин ийгиликтердин ачкычтарын таба билгендигине байланыштуу болоору турган иш. Ошондуктан азыр айыл аймактарда социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, элдин жашоо шарттарын жакшыртуу, калкты заманбап тейлөөнүн деңгээлине жеткирүү үчүн аракеттер күч алды.
Карапайым, мээнеткеч, умтулгуч, аракетчил калкыбыздын канында “Элим, жерим”-деген патриоттук сезимдер оргуштап, ынтымак, биримдик, намыс аларды ширетип, улуу күрөштөрдө жеңишке жеткирип, эчен жылдарды карытып келет. Ош облусундагы Араван районунун Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн эли дагы ар тараптуу өнүгүүнү максат кылышып, жаратмандык менен зор аракеттерди жасашып, ийгиликтерге умтулушууда. Аталган айыл аймакты “бычакка сап болоор” кыргыздын мыкты жигиттеринин бири Мамажунусов Чыңгыз Бекмаматович жетектеп келе жатат. Чыңгыз мырза биз менен болгон маегинде айыл аймагында жасалып жаткан иштер тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.
— Чыңгыз Бекмаматович, акыркы жылдары айыл аймагынын башчыларына өзгөчө талаптар коюлуп, жаңы дем, жаңы күч менен иштөөгө шык берилип жатат. Алгач ушул Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн тарыхына токтоло кетсеңиз?
— Керме-Тоо айыл аймагы 1996-жылы 3-майда түзүлгөн. Айыл өкмөтүнүн борбору Гүлбаар айылы. Ош шаарынан 13 км, ал эми район борборунан 22 км алыс аралыкта жайгашкан. Облустун борборуна жана райондун борборуна Ош–Араван республикалык маанидеги жолу аркылуу каттайбыз. Бийик тоолуу Чөгөм айылы райондун борборунан 122 км, ал эми облустун борбору Ош шаарынан 100 км алыс аралыкта жайгашкан. Айылда 1 орто мектеп, 1 ФАП бар. Керме-Тоо айыл аймагы жалпысынан 13 айылдан турат. 7 айыл Гулбаар айылында, 6 айыл алыскы бийик тоолуу Чөгөм, Кичик-Алай айылдарынын аймагында жайгашкан. Айыл аймагы деңиз деңгээлинен 1100-2800 метр бийиктикте жайгашкан. Керме-Тоо айыл аймагынын жалпы аянты 29462 чарчы метр жер аянтты ээлейт же болбосо райондо аймагы боюнча экинчи орунда турат.
— Айыл аймактын социал-дык-экономикалык абалын жакшыртуу үчүн кандай аракеттер көрүлүүдө?
— Керме-Тоо айыл өкмөтү 2024-жылы жогорудагы эң орчундуу болгон маселелер боюнча бир топ алгылыктуу жумуштарды аткарды. Атап айтсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин ишкерликти өнүктүрүү, жумуш орундарын түзүү, социалдык объектилердин абалын жакшыртуу саясатын жигердүү колдоп, өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, жумуш орундарын түзүү жаатында “Улан-Чи” жана “Кызыл Байрак Плюс” ЖЧКсы тарабынан жалпы сметалык баасы 40-42 млн сомго суткасына 20 миң даана 2 бышкан кыш чыгаруучу завод курулуп, ишке берилди. Натыйжада 30 жумуш оруну түзүлдү.
Андан сырткары “Ош Глобал Текстиль” ЖЧКна Керме-Тоо айыл аймагына 2000 жумуш орун түзүүчү пахтадан жип ийрүүчү фабрика куруу үчүн Жеңиш участкасынан 10,0 га жер аянты ажыратылып берилди. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн социалдык мекемелеринин абалын жакшыртуу максатында АРИС уюму тарабынан CASA-1000 долбоорунун алкагында Гүлбаар айылындагы №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын толук оңдоо үчүн 7 млн 238 миң сомго каржыланып, жумуш соңуна чыгуу алдында турат.
Э.Кебекбаев атындагы №47 негизги мектебинин имаратынын эскилиги жетип, авариялык абалга келип калгандыгына байланыштуу жаңы имарат куруу үчүн республикалык бюджетке киргизилип, ушул жылы жаңы 150 орундуу типтүү мектеп имаратын куруу планга коюлду.
Ал эми Гүлбаар айылындагы Манас участкасына 275 орундуу мектеп куруу үчүн жер аянтына тийиштүү болгон документтери даярдалып бүтүп, долбоордук-сметалык документ иштери даярдалып, республикалык бюджеттин эсебине куруу үчүн киргизилди.
Керме-Тоо айыл аймагындагы негизги көйгөйлөр таза суу, жол, бала бакча, мектептерди куруу болуп эсептелет. Айыл өкмөтүндөгү Гүлбаар айылында ичүүчү суу жок болуп, анда жашаган калк санитардык сууну пайдаланышчу. Анын натыйжасында калк арасында ар кандай жугуштуу оорулар пайда болуп, жабыр тартып келген. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн көптөгөн иш-аракеттердин натыйжасында Бүткүл Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен АРИС уюму тарабынан жумуш аткарууга алынып, долбоордук сметалык баасы 402 млн сомдук долбоор ушул жылдын октябрь айында курулуш иштери башталганы турат. “Таза Суу” долбоору аркылуу суу түтүктөрү сатып алынып келди. Долбоордун жалпы суммасы 432 000 000 сом. Керме-Тоо айыл өкмөтү тарабынан “Гүлбаар таза суу” муниципалдык ишканасы түзүлүп, азыркы учурда ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Чөгөм айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн Ош облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 3 млн сомго 3000 метр аралыкка суу түтүктөрү алынып, учурда кызуу жумуш жүрүп жатат. Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү Ж.Юнусов көчөсүнүн 1200 метр аралыгына түрткү берүүчү гранттын эсебинен 7 млн 294 миң сомго асфальт төшөлдү. Алыскы бийик тоолуу Күндөлүк айылынын жолунун 1500 метр аралыгына жергиликтүү жамааттын демилгеси менен асфальт төшөө жумуштары аткарылды.
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жумуш аягына чыгуу алдында турат.
— “Балдар – биздин келечек” демекчи, балдарга кандай камкордуктар көрүлүүдө?
— Бала бакча маселесин чечүү максатында “Сезим” реабилитациялык борборунун имаратын толук оңдоп чыгуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан сметалык баасы 8 млн сомдук долбоор даярдалып, оңдоо иштери башталды. №14 Чөгөм орто мектебинин имаратын толук оңдош үчүн республикалык бюджеттен 14 млн сом акча каражаты бөлүнүп, бүгүнкү күндө жумуштар жасалып жатат. Ушул эле айылдагы №14 Чөгөм орто мектебинин жана Гүлбаар айылындагы №48 Гүлбаар орто мектебинин базасында кыска мөөнөттүү бала бакча ачылып, азыркы күндө калкка кызмат көрсөтүп жатат. Мерсико уюму тарабынан Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү Т.Осмонов атындагы №25 орто мектебинде, Токтогул атындагы №25 орто мектебинде жана №48 Гүлбаар орто мектебинде окуучуларына ысык тамак берүү үчүн уюштуруу жумуштары жасалып, ишке киргизилди.
Калктын ден соолугун чыңдоо, жаштарды спортко тартуу максатында Жаштык жана Жаңы-Жол участкаларында кичи футбол аянтчаларынын курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен аткарылууда.
— Чыңгыз мырза, маанилүү маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз. Алдыңызга койгон зор максаттарыңыз ишке ашсын!
Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн башчысы Чыңгыз Мамажунусов чоң долбоорлорду ишке ашыруу үчүн билек түрүп иштеп жаткан учуру. Үстүбүздөгү жылды мыкты жетишкендиктер менен узатып, жаңы максаттар менен жаңы жылга кирип баруу ар бир жетекчинин көксөгөн максаты. Каарманыбызды келечекте бийик чектерден жолуктурууну насип кылсын.
Раиса Дүйшөнбекова