"Эркин-Тоо"

Араван районунун мурдагы С.Юсупов аймагынын айыл башчысы кармалды

Ош облусунун Араван районундагы Юсупов айыл аймагынын мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, КР Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында Араван районунун мамлекеттик мекемелеринин кызмат адамдарына жана жооптуу адамдарына карата жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 22-ноябрында С.Юсупов айыл аймагынын мурдагы жетекчиси Ф.Ш.Х. кармалды. Ал кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, жеке менчикке жерди мыйзамсыз сатуу боюнча айыпталууда. Мамлекеттик экспертизанын баалоосунда мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилген жер тилкесинин баасы 11,8 миллион сом экени аныкталган…

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!