"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Араванда картошка эгүү эрте башталды

Картошка айдоо иштери биринчилерден болуп Араван районунда башталды. Буга аба ырайынын жылуулугу жана фермерлердин жерди өз маалында даярдаганы шарт түздү.

Фермерлердин айтымында, быйыл эгилген картошкалар май айында эле бышып, сатууга чыгат. Маселен, 90 сотых жерге картошка эккен дыйкан май айында 20 тоннадан ашык түшүм алууну пландоодо. Айрыкча «Ривьера» сорту эрте бышып, бир эле тилкеден бир сезондо үч ирет түшүм алууга мүмкүнчүлүк берет.

Аймактагы фермерлер күзүндө эле талааларын даярдап, жер семирткичтерди, дары-дармектерди жана керектүү витаминдерди колдонуп жатышат.

Айыл чарба министрлиги маалымдагандай, Араванда өстүрүлгөн картошка ички рынокко гана эмес, коңшу өлкөлөргө да экспорттолуп, фермерлерге жакшы киреше алып келүүдө. Мындан тышкары, жергиликтүү тургундар жумуш менен камсыз болуп, күнүнө орто эсеп менен 1 500 сомдон акы алып жатышканы белгиленди.