"Эркин-Тоо"
Айыл чарба Жаңылыктар

Араванда минералдык суу чыгарылууда

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, Араван районунда ата мекендик «Береке» минералдык суусу чыгарылууда.

Берилген маалыматка ылайык, «Береке» ишканасын жергиликтүү жеке ишкер негиздеген. Анда заманбап жабдуулар орнотулуп, өндүрүш процессиндеги санитардык жана сапат талаптары эске алынгандыгы айтылат.