Араван районунда “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка караганда, 8-августта Тепе-Коргон айылынын тургуну К.И.Р. кызмат адамына 150 миң сом сунуштап жаткан учурда колго түшкөн. Анын пайдалуу аянты 2000 чарчы метр болгон соода борборун суу коргоо зонасында мыйзамсыз тургузганы аныкталган.
9-августта шектүү УКМКнын Ош шаары жана облусу боюнча Башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

