Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Ош облусунун Араван районунда эки миңден ашык жумушсуздар ар кандай акы төлөнүүчү долбоорлорго тартылып, учурда эмгектенип жатышкандыгын билдирди.
Жергиликтүү жамааттарды жакшыртуу боюнча иштер үчүн тартылган жарандар республикалык бюджеттен акы же Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк уюмунун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Эмгек үчүн азык-түлүк» долбоорунун алкагында каражат жана азык-түлүк алышат.
Маалыматка ылайык, алардын күчү менен Ош-Араван унаа жолу кеңейтилип, Достук айыл өкмөтүнүн Аччы, Жаңы-Арык айылдарына ичүүчү суу жеткирилип, Мангыт жана Кесек айылдарына каналдар казылды. Беш миң метр аянтка роза гүлдөрү отургузулуп, аймак көрктөндүрүлдү. Ошондой эле Жаңы-Арык айылында суу өткөргүч курулган.
Мындан тышкары, аз камсыз үй-бүлөлөрдөн 60 аялга киреше табууга жардам берүү максатында Достук айыл өкмөтүндө заманбап жана инновациялык тамак-аш даярдоо ыкмалары боюнча кыска мөөнөттүү окутуу уюштурулду.