Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылды.
Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө 19-ноябрда, саат 22:45 терде Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери келгенде желим баштыкка оролуп, кагаз кутуга салынган жаңы туулган ымыркайды табышкан. Баланын оозунда даарат кагазы да болгон.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайды №2 төрөт үйүнө алып барышкандыгы маалымдалды.
Бкга чейин 8-ноябрда Толстой жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде таштандыдан желим баштыкка оролгон ымыркай табылган.