АРДАГЕР ДҮЙШӨБАЕВДИН ДАҢКТУУ ЖОЛУ

Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сатыбек Дүйшөбаев 1921-жылы Ош облусунун Жаңы-Жол районундагы Ак-Суу айылында туулган. Атасынан эрте ажырап, жетимчиликтин азабын башынан өткөргөн. Апасы жалгыз уулун окутуу максатында алгач өзү туулуп өскөн Ак-Суу, кийинчерээк райондун борбору Кербен айылында, андан кийин Таш Көмүр шаарына алып барып окуткан.

Ал 1940-жылы сентябрь айын да ал Советтик Армиянын катарына чакыртылат. Ошол мезгилде Улуу Ата Мекендик согуш башталып, Сатыбек Дүйшөбаев 1943-жылдын август айына чейин 142-аткычтар полкунда кызмат өтөйт. Жаш кезинен турмуш катакшалган Сатыбектин жөн дөмдүүлүгүн байкаган командири ага жогорку ишеним көрсөтүп, 1943-жылы 10-февралда Махачкала шаарындагы аскер окуу жайынын кыскартылган мөөнөттөгү офицердик окуу курсуна жөнөтөт. Окуу жайдан кенже офицердик наам алган соң, ал алгачкы жолу согушка кирип, Ростов шаарын немецтик баскынчылардан бошотууга катышат. Фашисттер менен болгон оор салгылашуу мезгилинде ага ок тийип жарадар болот. Оор жаратын айыктыруу үчүн ал Тбилиси шаарындагы госпиталда дарыланат. Ошол салгылашууда Сатыбек алгачкы көрсөткөн эрдиги үчүн, “Согуштагы каармандыгы үчүн” медалы менен сыйланат.

Аскердик госпиталдан айыгып чыккан соң, Сатыбек Дүйшөбаев Түндүк-Осетия АССРнин борбору Орджоникидзе шаарындагы аскер бөлүгүнө взводдун командири болуп дайындалат. Андан кийин 1943-1944-жылдары Украинанын түштүк фронтунда батальондун командиринин орун басары болуп, Украинанын түштүгүн немецтерден бошотууга катышкан. Бул салгылашууда Сатыбек Дүйшөбаев көрсөткөн баатырдык эрдиги үчүн “Кызыл Жылдыз” ордени жана бир нече медалдар менен сыйланган.

1944-жылы Украинадагы салгылашууда бутунан оор жаракат алып, Уфа шаарындагы госпиталда дарыланат. Госпиталдан чыккандан кийин ал Орто Азия аскер окуругуна жөнөтүлөт. Ал жерде аскер кызматкерлерин даярдоочу 3 айлык курсту бүтүп, Ош облусунун Сузак районунун аскер комиссариатында экинчи бөлүмдүн башчысы болуп иштейт.

1945-жылы Чыгыштан кол салган Япониялык милитаристтерге каршы согушка өз ыктыяры менен аттанган. 1946-жылы август айында согуш аяктагандан кийин лейтенант наамы менен өз айылына кайтып келет.

Сатыбек Дүйшөбаевди фронттон келээри менен 1952-1954-жылдары өзү жашаган Ак-Суу айылында колхоздун башкармасы кылып шайлашкан. Өзүнүн уюштуруучулук мыкты сапаты менен жакшы ийгиликтерди жаратып, ал башкарган колхоз райондогу мыкты чар балардын катарына кошулган. Анын мындай жогорку уюштуруучулук чеберчилигин байкаган райондук партиялык комитети, партиянын Жаңы-Жол райондук комитетинде инструктор катчы кызматына сунуштайт. Ал жерде 2 жыл эмгектенген соң, ал өз каалоосу менен 1956-жылдан баштап өзүнүн туулуп өскөн Ак Суу айылындагы А.Осмонбеков атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеп, өзүнүн турмуштук бай тажрыйбасын жаштарга үйрөткөн.

Сатыбек Дүйшөбаев өмүрлүк жары Эшмуратова Бүбүайым менен 10 баланы тарбиялап өстүрүшкөн. Бүбүайым эже “Баатыр эне” наамын алып, 14 жыл балдар бакчасын жетектеп, наристелерди тарбиялаган. Анын көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, айылдагы балдар бакчасы “Эшматова Бүбүайым атын дагы бала бакча “ деп аталат. Сатыбек Дүйшөбаев өзүнүн өмүрүнүн 31 жылын жалаң билим берүү тармагына – жаштарга кеп кеңешин айтып, таалим-тарбия берүүгө арнаган. Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери Сатыбек Дүйшөбаев 2005-жылы 84 жашында көз жумган. Ардагер согушта көрсөткөн эрдиктери үчүн 3 орден жана 10дон ашуун медалдарга татык туу болгон.

Уул-кыздарынын баары жогор ку билимге ээ болушкан. Уулдарынын бири Жеңиш Дүйшөбаев ата жолун жолдоп, Бишкектеги жогорку окуу жайларынын биринде иштеген, дагы бир уулу милициянын полковниги Рысбек Дүйшөбаев азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМнин жооптуу жетекчилик кызматтарында иштеп келе жатат. Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагери маркум Сатыбек Дүйшөбаедин уул кыздары өз демилгелери менен жыл сайын жеңиш майрамына карата маркум атасынын урматына өз айлындагы жаштарга арнап 100 000 сомдон ашуун ар кандай акчалай жана башка байгелерди коюп, айыл арасында спорттук мелдештерди өткөрүп келе жатышат. Быйлкы жылы да салтты бузбай Улуу жеңиштин 77 жылдыгына карата өз айылдаштарына жеңиш майрамын салтанаттуу белгилеп бергени турушат.

№40-41 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 29-апрели
Орункул САТЫКУЛОВ

Вставка изображения в HTML код страницы
Альтернативный текст
error: Content is protected !!