Ата мекен алдындагы милдеттерин чоң жоопкерчилик менен аткарган ардактуу ардагерлерибиз арабызда бар. Алардын бири Асек Урманбетов. Асек Урманбетов быйыл 101 жашка толду. Дөөлөттүү карылыктын доорун сүрүп жаткан ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө, окуяларга абай салып, кан майдандагы жоокерлердин эрдиктерин жаш муундарга айтып берип келет. Асек ата, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге, кароосуз калган балдарга демөөрчүлүк кылып келет. Анын 6 баласы жана 68 небере-чөбөрөсү бар.
Майрам алдында Бишкек мэри Айбек Жунушалиев согуш ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып бекем ден соолук каалап, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан белектерди жана акчалай каражаттарды тапшырды. Андан ары шаар жетекчиси Бишкектин тургуну Василий Пухаревдин да үйүндө болду. Пухарев В. 1924-жылы туулган, 1942-жылы аткычтар полкунун курсанты, андан кийин аткычтар дивизиясына жиберилген, 1943-жылы зениттик артиллериялык полкко которулган. Борбор калаанын башчысы ыраазычылык билдирип, белектерди тапшырды.
Ардагер Аспек Жумашев
Согушта эрдик көрсөткөн аталарыбыздын катарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Аламүдүн районунун Кызыл-Бирлик айылынын жашоочусу Аспек Жумашевда бар.
Ардагерге Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов белек тапшырып, министрликтин “Каарман” медалы менен сыйлашты.
Согуштун ардагери 1942-жылдын сентябрь айында 18 жашында согушка чакырылып, өз өмүрүн Мекенди коргоого, жергебиздин бакубат жана бейпил жашоосуна арнаган. Фашисттик Германия менен салгылашууда Ленинград блокадасын бузууга катышып, Украинада, Түндүк Кавказда андан кийин Германияда кызмат өтөп, Ата-Мекендик согуштун II даражадагы ордени, «Германияны жеңгени үчүн» жана башка көптөгөн медалдар менен сыйланган.
Ата-Мекендик согуштан кийин көптөгөн социалдык, билим берүү, турак-жай, өндүрүш объектилерин жана ички жолдорду курууга катышкан.
Мээрим БАКТЫБЕК кызы