“Ардактуу доктору” наамы берилди

Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун президенти Абдураимов Жарасул Осмоналиевичке Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы достукту жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө, маданий, руханий жана экономикалык байланыштарды андан ары тереңдетүүгө, стратегиялык долбоорлорду өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Россиянын биринчи Президенти Б.Н.Ельцин атындагы Урал федералдык университетинин “Ардактуу доктору” даражасы ыйгарылды.
Мындай чечимди аталган окуу жайдын Окумуштуулар кеңеши 2022-жылдын 24-ноябрында кабыл алды. Белгилей кетсек, Урал федералдык университети Россия Федерациясынын мыкты деген университеттеринин алдыңкы катарына кирет. Forbes басылмасы нын рейтинги боюнча, УрФУ Россиянын мыкты деген жождорунун ичинде 11-орунда турат.

Пример HTML-страницы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

error: Content is protected !!