"Эркин-Тоо"

Арган дарагы

Арган — жарым чөл шартында өскөн дарак. ЮНЕСКО  уюму арганды коргоого алган.  1-май  дүйнөдө арган дарагынын эл аралык күнү деп жарыяланган.  Марокконун түштүк-батышынан Антиатлас жана Бийик Атлас тоолоруна чейин созулган Арган биосфералык резерви пайда болгон.   Коруктун аянты 2,5 миллион гектардан ашат.

Арганды жай мезгилинде жыйнайт. Анын даны кадимки жаңгакка окшош. Ачык жерге жайылып, бир нече жума бою кургатылат. Бул убакыттын ичинде алгач жашыл жана кыйла жумшак болгон жемиштин кабыгы кургап, аны кетирүү бир топ жеңилдейт.  Арган майы эки түргө косметикалык жана тамак-ашка болуп бөлүнөт. Арган майы таза жан  ден соолукка пайдалуу, сөөктөрдү бекемдейт. Мисалы, 3 кг аргандан 1 литр май бөлүнүп чыгат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!