Бүгүн Аламүдүн районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Кайырма айылына АРИСтин долбоорунун негизинде “Суу алуучу курулмаларды реабилитациялоо” жана А. Айдаралиев атындагы орто мектебинин “Ашканасын оңдоп-түзөө” долбоорлору менен Дүйнөлүк банкынын делегациясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Гүлмира Алимбековна, Аламүдүн районунун акими Азамат Эргешов жеринен таанышты. Суу курулмасы айыл жерин таза суу менен камсыздап, мындан ары суу таңкыстыгы жаралбайт. Ошондой эле А.Айдаралиев атындагы орто мектебинин замапбап стилде жасалган ашканасы менен да таанышып, мындай алгылыктуу иштер айыл жерлеринде көп болорун, биргеликте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошот.
Эскерте кетсек, АӨБ жана АРИС тарабынан Кайырма айылындагы 25 000 000 (жыйырма беш миллион) сомду түзгөн “Суу алуучу курулмаларды реабилитациялоо” долбоору айыл тургундарынын таза суу менен камсыз кылууда. Ал эми А. Айдаралиев атындагы орто мектебинин “Ашканасын оңдоп-түзөө” долбооруна 2961187,87 (эки миллион тогуз жүз алтымыш бир миң жүз сексен жети) сом сарпталып, кошумча каржылоонун эсебинен ашканага керектүү эмеректер, идиш-аяктар жана муздаткыч алынган. Ушул эле мектепте “Санитардык түйүндөрүн реабилитациялоо” долбоору кошо каралып, кошумча каржылоосуз 4770000 (төрт миллион жети жүз жетимиш миң) сомго мектеп ичине окуучулар үчүн ажааткана калыбына келтирүү иштери жасалды. Мындан сырткары, долбоодун бенефициар Раимкул Дюшеналиев үйүнүн ички санитардык абалын жакшыртылган.