"Эркин-Тоо"

Армения 12-апрелде ЖККУдан баш тартабы?  

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин 12-апрелде Беларусияда өтө турган жыйынына Армения катышпай турганын, 10-апрелде Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы расмий билдирди. РФнын жакын өнөктөшү саналып келген расмий Ереван соңку айларда КМШдан алыстай баштаганын байкоого болот. Талдоочулар буга армян бийлиги Тоолуу Карабак маселесинде Кремлден колдоо көрбөй калганы себеп болгонун айтып чыгышты.

Беларусиянын борбору Минск шаарында өтүүчү иш-чарага 12-апрелде Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген республикалардын тышкы иштер министрлери чогулат. Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги жыйынга Армениянын атынан тышкы иштер министринин орун басары катышарын жазды. Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги 1991-жылы мурдагы Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун (СССР) ордуна түзүлгөн, расмий Москва көзомөл жүргүзгөн бирикме. Грузия менен Украина буга чейин эле КМШ уюмунан чыгып кеткени маалым. Ал эми Молдова 2024-жылдын соңуна чейин бул уюмдан акырындап чыгарын айтылууда.

Арменияда орусиялык алып баруучу Владимир Соловьевдун программалары блоктолгону кабарланууда. Армян парламентиндеги оппозиция Пашиняндын өкмөтүнүн мурдагы советтик өлкөлөрдүн жыйындарынан баш тартуу кадамдарына макул эмес. “Айастан” оппозициячыл фракциясынын депутаты Армен Рустамян муну Орусия менен каршылашуунун уланышы деп атап: “Бул согуш маалында берген антынан баш тартууга тете. Албетте, ЖККУнун жана биздин стратегиялык өнөктөштөрүбүздүн аракетинде нааразылык жараткан бир топ суроолор бар. Бирок таарынган адам сыяктуу болуу кадимки саясий процесстерге туура келбейт,”- деди Рустамян.

Буга чейин Армениянын өкмөтү Тоолуу Карабак жикчил аймагында 2020-жылкы согуштан кийин киргизилген орусиялык тынчтык орнотуучу күчтөрүн 2023-жылы  сентябрь айында Армян элин Азербайжандардан коргой албаганы үчүн сынга алган. Расмий Баку “террорчулукка каршы атайын операция” деп атаган ал аскердик аракеттерден кийин, отуз жылдан ашуун этностук армяндар көзөмөлдөп турган жикчил аймакты Азербайжан өз карамагына өткөрүп алган. Беларусияда өтө турган жыйын алдында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Еврокомиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолугушуу өткөргөнү маалым. Бул жолугушууда Армениянын Орусияга көз каранды экономикалык секторунун  туруктуулугун бекемдөө маселеси талкууланган.

Буга чейин Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян анын өлкөсү Евробиримдикке мүчө болууга арыз жазып кайрылууну караштырып жатканын айткан. Бул билдирүүнүн өзөгү, расмий Еревандын көп жылдан берки өнөктөшү РФдан алыстоо аракетин айгинелейт деп божомолдошууда. “Учурда Арменияда көптөгөн мүмкүнчүлүктөр каралып жатат. 1-мартта Анталияда өтүп жаткан дипломатиялык форумдун алкагында “TRT World” телеканалына берген маегинде Сыр деле болбосо керек, Евробиримдикке мүчө болуу ниетибиз да жок эмес,” деди А. Мирзоян. Андан көп өтпөй, март айынын башында расмий Ереван Армениянын башкы аэропорту “Звартноцто” орусиялык чек арачылардын ишин токтотуу чечимин кабыл алганы маалым болгон.

“Армения республикасы “Звартноц” аэропортунда чек ара тейлөөсүн өз алдынча, өз мекемелерин колдонуу менен камсыздай алат деп эсептейбиз. Орусия тарапка ыраазычылык билдирүү менен аларга орусиялык чек арачылардын ишин токтотуу чечимин кабыл алганыбызды маалымдадык. Баса белгилей кетсем, орусиялык чек арачылардын айрым жерлерде, анын ичинен “Звартноц” аэропортунда тейлөө кызматтарына катышуусу көз карандысыздык алган алгачкы жылдары Армения Республикасын колдоо катары убактылуу киргизилген, алар бул функцияны Армения муктаж болуп турган кезде аткарышмак,” — деп түшүндүрдү өкмөттүн чечимин тышкы иштер министри Арарат Мирзоян.

Расмий Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул багытта эки өлкөнүн тийиштүү мекемелери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан. Армения көз карандысыздык алган 1991-жылы РФ менен Армения тышкы чек араларды биргеликте кайтаруу макулдашуусуна кол коюшкан. Ага ылайык, Армениянын Түркия жана Иран менен чек арасын орус чек арачылары кайтарып келген. Учурда Армениядагы Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара башкармалыгына Гюмри, Армавир, Арташат жана Мегридеи төрт отряд жана “Звартноц” аэропортундагы көзөмөл-өткөрмө бекети кирет. Чек арачылардын айлык эмгек акысын эки мамлекеттин өкмөтү бирдей  камсыздап келүүдө. Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Орусия башында турган альянс учурдагы коопсуздук көйгөйлөрүн чечпесе, 12-мартта АрменияЖамааттык коопсуздук келишим уюмунан бир тараптуу баш тартарын дагы бир ирет эскертти.

Беш жылдан бери өлкөнү жетектеп келген Н. Пашинян аталган уюм биринчи кезекте Армениядагы “жоопкерчилик зонасын” аныктап, аны чет өлкөлүк агрессиядан коргоо милдеттенмеcин алышы керектигин билдирип: “Эгер Жамааттык коопсуздук келишим уюму бул суроолорго жооп берсе, анын жооптору биз күткөндөй болсо, анда Армения менен ЖККУ ортосундагы маселелер чечилет. Болбосо Армения ЖККУдан бир тараптуу баш тартат. Качан чыгат? Мен аны так айта албайм,” — деди ал маалымат жыйында. Өткөн жылы Ереван ЖККУнун бардык жогорку деңгээлдеги иш-чараларын, аскердик машыгууларын четке кагып келген. Ал эми Пашинян 23-февралда “France 24” телеканалына курган маегинде ЖККУдагы мүчөлүк убактылуу токтогонун, орус базасын Арменияда кармап туруу маселеси күн тартибинде жок экенин билдирген.

Аталган уюмдун баш катчысы Имангали Тасмагамбетов Армения бул тууралуу эч кандай расмий маалымдама жибербегенин айтып, бул өлкөдө болуп жаткан “айрым окуяларга жана Армян элитасынын арасындагы олку – солку маанайга” тынчсыздануусун билдирген. Ал эми Орусиянын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова расмий Еревандын бул кадамдарына: “Чынын айтканда, армян элитасынын Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун натыйжалуулугу тууралуу суроолорду бул уюмдан тышкары талкуулоо аракети түшүнүксүз. Бул үчүн атайын механизмдер, форматтар жана ыкмалар бар. Байланышуунун жолго салынган каналдары бар. Бирок расмий Ереван ЖККУнун аянтчасындагы эксперттик диалогдон өзүн оолак кармоону туура көргөндөй,” – деп сын пикирин билдирген.

Армениянын ЖККУдан чыгуу ыктымалдыгы көптөн бери талкууланып келет. Ереван бийлиги ЖККУ Азербайжан менен болгон согушта так позициясын билдирбегени үчүн нааразы болууда. Бирок Армения ушул күнгө чейин Орусиянын көгүлтүр отуна көз каранды. Ал эми эки өлкө ортосундагы соода алмашунун көлөмү соңку жылдары өсүп жатканы чындык.

 

 

Бахпурбек АЛЕНОВ

№28 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 12-апрели

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!