"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Арменияда Yandex Go аркылуу вертолёт чакырууга болот

Арменияда Yandex Go мобилдик тиркемеси аркылуу вертолётко буйрутма берүү кызматы ишке кирди. Бул тууралуу Economist.kg кабарлады.

Колдонуучулар Дилижан, Севан, Мегри, Горис, Ереван суу сактагычы, Гарни сыяктуу Армениядагы белгилүү жерлерге вертолёт менен учууну алдын ала буйрутма берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Анын баасы учуу аймагына жараша белгиленет.

Буйрутма кеминде учуудан 2 саат мурун берилүүсү керек, максималдуу салмак – 410 кг жана бир вертолётко 5 адам батат.

Сүрөт: Economist.kg