"Эркин-Тоо"

Армениянын биринчи спутниги Жердин орбитасына чыкты

SpaceX ракетасынан бортунда көтөрүлгөн Армениянын биринчи спутниги. 25-май, 2022-жыл.

SpaceX ракетасынан бортунда көтөрүлгөн Армениянын биринчи спутниги Жердин орбитасына чыкты. Бул тууралуу 26-майда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян билдирди. Анын айтымында, 25-майда АКШнын Флорида штатындагы Канаверал тумшугунан учурулган спутникти көп пайдалуу иштерге колдонсо болот.

«Спутниктен тартылган сүрөттөр Арменияда чек араны көзөмөлдөө, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде климаттын өзгөрүүсүнө көз салуу, геология, шаарларды жана жолдорду куруу жаатында колдонулат»,-деди Пашинян.

Ал кошумчалагандай, спутникти учуруу Армениянын мамлекеттик «Геокосмос» компаниясы менен Испаниянын Satlantis ишканасы кызматташуусунун жемиши болду.

Аталган испаниялык компания чакан спутниктерди жана алардын камераларын чыгарууга адистешкен.

Армения алгач ирет коммерциялык спутник учуруу планы туралуу Орусиянын Федералдык космос агенттиги менен сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин 2012-жылы эле жарыялаган. Бирок бул долбоор ишке ашкан эмес.

Пашинян эмнеге анын администрациясы алгачкы спутникти орусиялык компаниялар менен батыш ишканалары менен биргеликте учурганын түшүндүргөн жок.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!