"Эркин-Тоо"

Арслан Койчиевдин «Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» түрк тилинде жарык көрдү

Журналист, жазуучу, Президенттин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев мындан эки жыл мурда «Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси» аттуу чыгармасын жазган. Чыгарма кыргыз тилинде 1992-жылкы окуялардын контекситинде жазылып, бирок, глобалдуу маселелерди козгой алган. Андыктан, повесть кыргыз тилинде жарык көрө электе эле аны түрк котормочулары түрк тилине которушуп, китепти Евразия жазуучулар бирлиги түрк тилинде басууга белсенген. Ошентип, чыгарма түрк тилинде жарык көрүп, өткөн аптанын аягында борбор калаабыздагы Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Евразия жазуучулар бирлиги кыргызстандык жазуучу Арслан Капай уулу Койчиевдин жаңы чыгармасынын бет ачарын өткөрдү.

Иш-чарага Евразия жазуучулар бирлигинин төрагасы Якуб Омероглу жана түрк адабиятынын окумуштуулары, журналисттер, адабий сынчылар келип катышышты.

Кыргыз адабиятынын новатор калемгерлеринин бири Арслан Койчуевдин «Добул-Таштык Заратустранын аңгемеси” чыгармасынын түрк тилинде жарык көрүп, жалпы түрк тилдүү окурмандарга сунулуп жатышы чындыгында кубанычтуу окуя болду. Кыргыз журналистикасынын өкүлү өзүнүн жазуучулук жөндөмү бар экендигин буга чейин эле көрсөтүп келсе, эми эл аралык деңгээлдеги бирликке мүчө болгондугу да сыймык жаратты.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!