Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка караганда №31 түзөтүү мекемесинде көз жумган Арстан Абдылдаевдин өлүмү боюнча беш адамга айып тагылган.
Айып тагылгандардын бирөө тергөө учурунда каза болуп калган. «Алар шалаакылыкка айыпталууда. Иштин материалдары Аламүдүн райондук сотунда каралып жатат», — деп айтылат маалыматта. Эскерте кетсек, коомчулукта Арстан Алай деген ат менен белгилүү болгон Арстанбек Абдылдаевдин абакта каза тапканы 5-январда белгилүү болгон. Жаза аткаруу кызматы ал өз өмүрүнө кол салып көз жумганын айткан.