"Эркин-Тоо"

Арстанбап айылын каптаган сел 23 автоунааны агызып кетти

Базар-Коргондун Арстанбап айылын каптаган сел 23 автоунааны агызып кетти. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. Мындан тышкары, эки турак жайды, оорукананы, соода үйүн, беш көпүрөнү, бир чакырым ички чарбалык жолду суу каптаган. “Жерине Арстанбап айыл аймагынан төрт экскаватор, эки жүктөгүч, бир самосвал, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак,  кечээ Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунун Арстанбап айылында нөшөрлүү жамгырдан улам колоттордон агып келген суу айылды каптаган.

Пример HTML-страницы