"Эркин-Тоо"

«Арстанбап» жана «Арстанбап-Ата» пансионаттары мамлекетке өттү

Жалал-Абад облусундагы «Арстанбап» пансионаты менен «Арстанбап-Ата» турпансионаты мамлекетке өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, Президенттин тапшырмасы менен аталган эс алуу жайларына жаңы дем берилет.

«Профсоюздар федерациясынын карамагындагы дээрлик баардык эс алуу жайлар талкаланып, жараксыз абалга келген. Биздин миссия инвестициялык долбоорлор же өз күчүбүз менен заман талабына ылайык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, пайда алып келе турган даражада эффективдүү иштеп кетүүсүнө шарт түзүү болуп эсептелет», — деди Туманбаев.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!