Кулпунай — даамдуу гана эмес, ден соолук үчүн пайдалуу мөмө-жемиштердин бири. Анын курамында көптөгөн пайдалуу заттар бар. Кулпунай С витаминине өтө бай. Мындан улам иммунитетти чыңдайт. Бул витамин иммундук системаны бекемдөөгө жардам берип, вирус жана бактерияларга каршы күрөшүүдө маанилүү ролду ойнойт. Анын курамындагы калий жүрөктүн иштешин жакшыртып, кан басымды төмөндөтүүгө жардам берет.
Кулпунай тери клеткаларын жашартат жана теринин сергек көрүнүшүнө шарт түзөт. Кулпунайдагы С витамини көздү коргоп, картаюудан же башка оорулардан сактайт. Ошондой эле диабет менен жабыркагандар үчүн пайдалуу. Кулпунайда калория аз, бирок ашказанды, ичегини тазалап, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Ошондуктан арыктоону каалагандар үчүн сунушталат. Мындан сырткары холестериндин деңгээлин түшүрүүгө жардам берет. Кулпунайдын ширеси жана майда бөлүктөрү бетти тазалоо, агартуу үчүн жана теридеги безеткилерге каршы колдонулат.