"Эркин-Тоо"

АРЫШТАП КАДАМ ТАШТАЙ ТУРГАН УЧУР КЕЛДИ

Дүйнө жүзү оңой эмес учурду баштан кечирип жаткан убак. Бир жагынан каптап келе жаткан каржы каатчылыгы кыжаалат кылса, экинчи жагынан экологиялык, климаттык өзгөрүүлөр түйшүккө салып жатат. Валюта рыногу да турукташа элек. Доллардын курсу бирде көктү көздөй секирсе, бирде мурунку абалына келет, орустардын рубли болуп көрбөгөндөй арзандады. Бизде керектөөсүнүн дээрлик баарын сырттан алган биздин өлкө мындай таасирге кантип туруштук берет деген маселе көпчүлүктү ойго салууда.

АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн Россияга киргизген экономикалык санкцияларынын эпкини бизди кыйгап өтүп кетпейт.  Орустар менен чогуу Евразиялык биримдикте турганыбыздан соң аларда болуп жаткан көрүнүштөр бизге сөзсүз таасирин тийгизет. Кытай эли кризисти “жаңы мүмкүнчүлүк” деп түшүнсө, кыргыз элинде “Өрт жакшы, өрттөн кийин гүлдөп өсөбүз” деген түшүнүк бар. Биз ушул абалды жакшы мүмкүнчүлүк катары колдонуп калышыбыз гана керек. Кыйын кезди ийгиликке алмаштыруу үчүн баарыбыз бирге  аракет кылышыбыз шарт. Чет өлкөлүк эксперттер берген экономикалык кеңештерди туура деп оозду ачып олтура бербей, өзүбүздүн саясатыбызды жүргүзчү, өзүбүздүн экономикалык өсүү жолубузду тандай турган мезгилге келдик.

Бийлик кыйын шарттарда бирөөнүн чечимин күтүп, жөн эле жатып алган жокпуз, амбициялуу, өзүбүздүн күчүбүзгө ишенген жолду тандадык деп жар салды. Ооба, бийликтин ушундай чечим кабыл алганы колдоого аларлык. анткени, азыркыдай учурда кабыл алынган чечимдер кемчиликсиз, идеалдуу чечимдер болбостугун билебиз. Бирок, коркуп олтурчу мезгил эмес. убакыт күтүп турбайт эмеспи. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө анын ичинде кыргызстан дагы   геосаясий тобокелдиктердин, климаттык катастрофалардын, азыктүлүккө, энергия булактарына дүйнөлүк баалардын туруксуздугунун шарттарында жашап жатат. Жапон эли “уктап жаткан адам гана кемчилик кетирбейт” деп айтышат.

Жакында эле министрлер кабинети жарым жылда жасалган иштеринин жыйынтыгын чыгарып, жетишкендигин айтып, кемчилигин оңдой турган болушту. Өлкөнүн казынасы салык менен бажыдан топтолуп жаткан соң, кыйын кезде ушул тармактагы системаны туура жолго салуу бийликтин биринчи милдети болууга тийиш. Өкмөттүн жарым жылдык отчётун карасаң, бул тармак туура жолго түшүп баратканы, 2022-жылы башталган салык реформасы өзүнүн алгачкы жыйынтыктарын берип баштаганы байкалат. Кыргыз эли да салык төлөө маданиятын өздөштүрө баштагандай. Бул  салык системасы ачык-айкын болуп, мыйзамга баш ийген салык төлөөчүлөр үчүн салыктын жүгү азайды дегендик.

Салык кызматы 2021-жылдын январында 6,5 млрд сом чогулткан. ушул эле жылдын октябрь айында азыркы өкмөттүн келиши менен бул сумма 9,9 млрдга жеткен. Анткени ошол учурдан тартып ККМ активдүү киргизиле баштаган. 2022-жылдын май айында салык чогултуу 12,8 млрд сомду түзгөн. Электрондук эсеп-фактурасы киргизилгенден баштап  жарым жылдан кийин 2022-жылдын октябрында 13,5 млрд сом чогулган. 2023-жылдын май айында ЭТТН – 16 млрд сом берген. Быйыл салык кызматына план катары 196,1 млрд сом чогултуу коюлган. азыр кумтөрдү кошпогондо 84,4 млрд сомду чогултуптур.

Бажы кызматы 2021-жылы ай сайын 3,9 млрд сомдон чогултуп келсе, азыр 8,1 млрд сомдон чогултууга жетишкен. Быйылкы жылга 94,6 млрд сом план коюлса, 2023-жылдын жарым жылдыгында 48,8 млрд сом жыйнаган. ушул жерде дагы бир суроо жаралбай койбойт. Бажы тармагында кирешелердин мурда мынчалык көлөмдө чогултулбагандыгы үчүн мурунку жетекчилер жооп беришеби? Бул суроону эл деле коюп келатпайбы…

Азыр бюджетибиз 6,4 млрд долларга жетиптир. Бул чек болбошу керек. көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу дагы деле кыйынга турууда. далай  өлкөлөр көмүскө экономикасын минималдаштыруу аркылуу экономикалык “чудо” жасаган. Биз дагы ошондой системаны киргизишибиз керек. мисалы, акШда киреше салыгыңа жараша 58 пайызга чейин мамлекетке төлөп бересиң. Биздикилер салык десе түшүнөн чоочугандай болушат. Бирок, АКШга барып, ошол жактын жараны болом деп кыялданабыз. Жаран болгондон кийин салыктардын баарын төлөйсүңбү? – десе баарын төлөйм дейт. Анткени, ал жакта ошондой система түзүлгөн. Сен бир суммадан ашыкча  чыгаша кылсаң ал көрүнүп турат. Салык инспекциясынан келип “Бул чыгашаны кайдан жасадың?” деп сураганда, киреше булактарын көрсөтүшүң керек. Биз болсо ушул кезге чейин киреше булактарын гана санап келдик. Президенттин, премьерминистрдин, депутаттардын, министрлердин жылдык кирешеси бир миллион сом, бул байкуштун айлыгы эле бар экен дейбиз. Машинасы, үйү, кирешеси жок, бирок баласы америкада, англияда жыл сайын 100 миң доллар төлөп окуйт. аны деле көрмөксөнгө салып, байкуш айлыгына жашайт да деп келгенибиз чындык. Ресторанга 4 киши менен кирсе жок дегенде 500 доллар, бир айлык маянасынын жарымы кетип жатат.  түштө чиновниктердин дээрлик көпчүлүгү ресторанда олтурушат. кечинде тойлордо жүрүшөт, 200 доллардан кем эмес кошумча беришет. Биз дагы чыгашаны көзөмөлгө алган системаны орнотушубуз зарыл болууда. тагдырыбызды, тушообузду кесе турган өзүбүз.

Асыл ЗАРЛЫКОВА

№62 “Эркин-Тоо гезити

2023-жылдын 4-августу