"Эркин-Тоо"

Асеин Исаев БУУнун АУЖКБ БАдагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысын кабыл алды

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын (АУЖКБ) Борбордук Азиядагы регионалдык өкүлчүлүгүнүн башчысы болуп дайындалган Матильда Богнерди кабыл алды. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

А.Исаев М.Богнерди дайындалышы менен куттуктады. Кыргызстан менен БУУ АУЖКБ ортосундагы жемиштүү кызматташтык мындан ары да уланарына ишенимин билдирип, Кыргызстан укук үстөмдүгү, адам укуктарын коргоо жана колдоо принциптерине ылайык мамлекеттик саясатты улантарын баса белгиледи.

М.Богнер өлкөдөгү демократиянын жана адам укуктарынын жогорку деңгээлин белгилеп, АУЖКБнын регионалдык өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын артыкчылыктарына ылайык мындан ары да бул чөйрөлөрдө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!