"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Асель Чынбаева: «Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо – бул укуктук норма гана эмес, тарыхый салт»

Ысык-Көлдө өткөн XIII Эл аралык конференцияда балдардын укугун коргоо, адеп-ахлак тарбиясы жана заманбап чакырыктар тууралуу сөз болду. Иш-чарага Кыргызстан менен бирге Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркия жана Беларусия өлкөлөрүнөн келген адистер катышты.

Кыргыз Республикасынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева сөз сүйлөп, балдардын укуктарын коргоо маселесине токтолду.

Ал өз кайрылуусунда Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо — бул жөн гана укуктук норма эмес, ошол эле учурда тарыхый салтыбыз экенин белгиледи.

«Кыргызстанда баланын укуктарын сыйлоо – бул укуктук норма гана эмес, каармандык өтмүшкө тамырлашкан биздин тарыхый салтыбыз. Бүгүнкү күндө, санариптик трансформация шартында, биз бул баалуулуктарды сактап, аларды азыркы реалдуулукка ылайыкташтырышыбыз маанилүү. Бул процессте өзгөчө маанилүү ролду кошумча билим берүү системасы ойнойт, ал өсүп келе жаткан муунда таланттарды, лидерлик жана жарандык сапаттарды өнүктүрүү мейкиндигине айланууда»», — деди Асель Чынбаева.