Бүгүн замандын залкары Мелис Эшимкановдун туулган күнү. Тирүү болсо 60 жашка чыкмак. Эскерилип жатат, дагы да эскерилер. Биз бул сапар кепкесөзгө өзгөчө маани берген кашкөй инсанды жубайы Асел айым менен бирге эскердик. Аз да болсо залкардын рухуна эстелик болоор…
— Асел айым, Мелис агабыз адамзаттын сырттаны эле. Мындай залкардын экинчи өмүрү үчүн алдыда кандай иштерди пландап жатасыз?
— Туура айтасыз, дал ошол себептен мен Мелис Эшимканов атындагы фондду түптөгөм. Кандай таланттуу, кандай чыгаан киши болсо да иш-чаралар өткөрүлүп, элеси эскерилип турбаса унутулуп калат. Фонд журналисттерге, кесипке алгачкы кадам таштаган студенттерге көмөктөшүүнү көздөйт. Ушул максатта биз сынак жарыялап, макаласы мыкты деп табылган кесиптешибизге 100 000 сом сыйлык тапшырып турабыз. Андан тышкары өлкөдөгү окуу жайлардын журналистика факультетинин студенттери арасында мыкты эссе жана макалаларга сынак жарыяланган. Бүгүн өтө турган эскерүү кечесинде ушул сынактардын жеңүүчүлөрү сыйланат. Андан тышкары, үч журналистке кызыктыруучу, ошондой эле Султан Раевдин демилгеси менен ушул иш-чарада Түрксой эл аралык сыйлыгы да бир кесиптешибизге тапшырылмакчы. Жеңүүчүлөр азырынча өзүбүзгө да табышмак, комиссия иш-чаранын жүрүшүндө жарыялайт. Кийинки жылдан тарта Мелис Эшимкановдун чыгармачылыгы жана коомдук-саясий ишмердигине арналган илимий-практикалык конференцияларды өткөрүүнү пландап жатабыз. Дагы бир саамалыгыбыз бар, ага-ини Мелис менен Эрнис Эшимкановдордун цитаталарынын жыйнагы чыкты, аны журналист Данияр Исанов топтогон.
— Маркумдун рухуна арнаган саамалыктар ылайым ишке аша берсин. Түшүңүзгө киреби? Атасынын ар өнөргө бай чыгармачылык “чымыны” балдарынан бирөө-жарымына оодубу?
— Түшүмө көп кирбей калды. Апам маркум унутулуп калганда же кандайдыр бир нааразычылыгы болсо түшкө кирет деп калат. Балдарыбыз гуманитардык багытка кетет окшоп калды. Экөөнүн тең чыгармачыл табияты байкалат. Уулум 17де, Варшава университетинде журналистика факультетинде билим алууда. Кызым 15 жашта, ушул окуу жылында 11-классты аяктайт. Ырдайт, бийлейт, англисче окуйт. Көркөм гимнастика боюнча спорт чеберлигине талапкер.
— Мелис Эшимканов бүгүн сизге гана эмес, бүтүндөй кыргыз журтуна, саясатына, журналистикасына жетишпей туру. Мындай өксүк комплекси коомчулук арасында да сезилип жатса керек…
— Мелисти жакшы тааныган журналист же саясатчыларды кезиктиргенимде баары ушинтип айтышат. Чындап эле жетишпей келет. Анын прогрессивдүү көз караштары, новатордук ой-жүгүртүүсү, окуяларды таамай болжоп, кырдаалды таасын талдай билиши ушул тапта абдан зарыл болуп турат. Мелистей болгон киши биздин коомго дайым жетишпейт. Андай кишилер абдан аз, чанда да жаралат көрүнөт.
— Мелис мырза жан дүйнө майрамын эңсеген, табиятынан мырза сапаттары бар, беттегенин бербеген көк жал болгондугу белгилүү. Ар өнөргө бай мындай инсандын жубайы болуш жоопкерчиликпи? Же?..
— Моюнга алайын, Мелис менен таанышканга чейин ал тууралуу жакшы деле билчү эмесмин. Кийин маңдайымда өзгөчө инсан турганын түшүнүп, мындай кишинин жүрөгүн кандайча багындыра алдым деп таң калгам. Балким жанында түшүнүп, көмөктөшүп, колдогон кишинин болушун көксөгөндүр… Мындай улуу кишинин жубайы болуу – албетте, чоң жоопкерчилик.
— Табиятынан сергек ой жүгүрткөн, тарыхы бар мындай залкар болгондо биздин журналистикага, жан дүйнөбүзгө, саясатыбызга деле дагы бир революция жасайт беле деп көп ойлонуп коем…
— Кеп жок, айтканыңызга толук кошулам. Бул Мелисти жакшы билгендердин да оюнда бардыр. Айта да жүрүшсө керек.
— Уникалдуу журналист, гениалдуу уюштургуч, стандартка салынбаган калемгер менен бирге иштешүү туз-насиби буюрбаптыр. 10 жашымдан тарта “Асаба”, кийинки “Агымды” кууп окуп, журналистикага дал ушул залкарды кумир тутуп келген мендейлер оголе көп болсо керек… Бул жагынан кандай кызык кептерди козгойт элеңиз?
— Анын гезиттери менен канчалаган муун чоңойду. Чындап эле Мелистин эч кандай стандартка сыйбаган ой жүгүртүүсү бар эле. Эң башкысы, Мелис демилгелерин ишке ашыруу үчүн жаш журналисттерге мүмкүнчүлүк берип, аларды туура багыттай билчү. Ошол эле убакта алардын укугун жана эркиндигин эч качан чектеген эмес. Ушул сапаты менен көптөгөн мыкты, өз ишинин чыныгы чеберлерин таптаган. “Эшимкановдун мектеби” деп көп айтып калышат. Шакирттери аны унутпай, улам эскерип турушканы албетте, сүйүндүрбөй койбойт.
№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ