"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Асел Ногойбаева: «Кулагым мен ойлогондон да сонун болду»

Мурдагы жолдошу тарабынан кулак-мурду кескиленген Асел Ногойбаева кулагын калыбына келтирүү операциясы ийгиликтүү өткөнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу маалымдады.

Анын айтымында, дарыгерлер кулагын мурдагыдан да жакшы формада жасап беришкен.

«Бүгүн мен бактылуу болгонумдан ыйлап жатам. Себеби, дарыгер мага «Кыргызстандан келе жатканда сөйкө ала кел» деген. Бирок мен алган эмесмин. Анткени мурдагыдай эле сөйкө такпай, кулагымды чачым менен жаап жүрөм деп ойлогом. Бирок азыр кулагым мен ойлогондон да сонун болду», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Асел Ногойбаева 2023-жылы мурдагы жолдошунун кол салуусуна кабылып, анын айынан кулагы менен мурду оор жаракат алган. Окуя коомчулукта кеңири талкуу жараткан.