"Эркин-Тоо"
Аймак

Асфальт төшөөчү жаңы техникалар тапшырылды

Ош шаарынын мэри Т. Сарыбашов шаардагы жолдорду оңдоо иштеринин башталышынын алдында шаардык жолдор башкармалыгынын атайын техникаларынын даярдыгын текшерди. Иш-чаранын жүрүшүндө шаар мэри ишкананын балансында турган атайын жабдуулар менен таанышып, Япониядан чыгарылган Hanta F45CJ асфальт төшөөчү жана австриялык MVH 306 компактор жаңы атайын техникаларды тапшырды. Мэр Ош шаардык жолдор башкармалыгынын жумушчулары менен баарлашып, жол куруучунун эмгеги эң көп акы төлөнүүчү жумушка айланышы керектигин белгиледи.

Ош шаарында май айынан баштап,  планга киргизилген жолдор, ички  жолдор асфальтталып, жаңы тротуарлар курулат. Ал эми жолдорду жамоо иштери 15-апрелден башталат.

“Биринчиден, аткарылган иштин сапатына көңүл буруу керек. Аз иш кылсак да ал сапаттуу аткарылган иш болсун. Ушул максатта биз жыл сайын жол тейлөө кызматтары үчүн жаңы атайын жабдууларды сатып алабыз. Ошондой эле башка коммуналдык кызматтардын атайын техникалар паркын жакшыртабыз. Жолдорубуздун абалы начар. Айтылган сындар туура. Биз акча бөлүп берип жаткандан кийин тендерден уткан компаниялар сапаттуу курушун көзөмөлгө алгыла. Ар кандай жаман жасалган иш бизге сөз тийгизет. Бирок, биринчи кезекте, аткарылган иштин сапатына өзгөчө көңүл буруларын баса белгилеп кетким келет. Бул жол кызматтарынын ишинин негизги көрсөткүчү. Өткөн жылы Шакиров көчөсүн, Мээркан айылына баруучу жолду, бир канча ички жолдорго жаңыдан асфальт төшөдүк. Быйыл да пландалган иштер уланат”,-деди мэр.

Мындан тышкары, иш-чаранын жүрүшүндө шаар башчысы мэриянын алдындагы автогараждын балансына өткөрүлгөн автобустар менен да таанышты.

Р.Исмаилова