Министр Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен бүгүн, 6-ноябрда, Сары-Кыр ашуусунда калган жаранды эвакуациялоо үчүн ӨКМдин тик учагы жөнөтүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору билдирди.
Мындан сырткары таңдан тарта жеринде 28 адам (анын 16сы ӨКМ кызматкерлери), 6 техника издөө-куткаруу иштерин улантууда.
Эске салсак, 5-ноябрда Жалал-Абад – Казарман унаа жолунун Сары-Кыр ашуусунда 30 жаштагы К.Э. аттуу жаран автоунаасы менен кар күрткүсүнө тыгылып, жардам сураган.

