Унаа жана жолдор министрлиги өлкөдөгү ашууларда каттам бар, жолдор ачык экендигин билдирди. Маалыматка таянсак, Сосновка жана Арал постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Жолчулар атайын өзгөчө тайгак тилкелерге күнү-түнү кум-туз аралашмасын сээп жатышат. Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат.