"Эркин-Тоо"
Коом

Ашууларда жана жолдордо унаа кыймылына чектөө жок

31-октябрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, жол ачык. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировканын Чапчыма ашуусунда, Каракол-Эңилчек жолунун Чоң-Ашуу жана Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда, Боом капчыгайында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Долон, Чар, Ак-Бейит, Түз-Бел, Кубакы ашуулары менен Өтмөк жана Ала-Белде жол ачык, каттам бар. Ал эми Төө-Ашууда кар жаап, жолчулар тарабынан инерттик материалдар чачылууда, жол ачык.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет борбору 31-октябрь жана 1-2-ноябрь күндөрү аба ырайы кескин өзгөрүп, көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаай турганын кабарлаган. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.