10-октябрда Таластын Шекер айылындагы Күркүрөө өзөнүндө айыл эли, чыгармачыл инсандар, маданият ишмерлери Улуу “Манас” эпосун кара сөзгө түшүрүп, калкына таберикке калтырган жазуучу Ашым Жакыпбековдун 90 жылдыгын белгилешти. Ашым Жакыпбеков 1935-жылы Таластын Шекер айылында туулган. Жазуучунун дагы бир зор эмгеги – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун адепки бир топ чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурман журтуна сунганын белгилөөгө болот.
Эске салсак, Ашым Жакыпбеков 1994-жылы 59 жаш курагында дүйнөдөн өткөн. Биз жазуучунун 90 жылдык маарекесинин алкагында анын уулу Улан Жакыпбековдон атасы тууралуу маек алдык. Жазуучунун уулу Улан мырза көп жылдан бери Америкада жашайт. Биз аны менен интернет аркылуу байланышып, атасынын өмүр жолу жөнүндө суроолорубузду узаттык.
— Улан мырза, атага болгон сезим, ага делген кымбат ойлор баласынын жаш курагына карата жыл өткөн сайын өзгөрүлөбү, кандай ойлойсуз?
— Мен Кудайга абдан ыраазымын. Анткени, биздин үй-бүлөгө, мага Кудай мыкты атаны ыроолоптур. Атамдын жазуучулук өнөр-дараметинен мурда, анын адам катары эр жүрөк, чынчыл, боорукер, алысты көрө билген, кыраакы, камкор сапаттарын айтпасам болбойт. Атам бизди көп эркелетчү, мээримин төкчү, аны менен катар турмушка жоопкерчиликтүү болууга кичинебизден тарбиялап, шык, багыт бериптир. Атам “Жаман баланын барынан жогу”, деп көп айтчу. “Улан, жакшы адам бол, үй-бүлөңдү сыйла, бизди жер каратпа” деп да көп айтаар эле. Менин деле жашым, 52ге келип калды. Адамдын жашы жогорулаган сайын бардык нерсеге, анын ичинде мекенге, ата-энеңе болгон сезим, сагыныч күчөйт экен. Атаңдын көзү өтүп, турмуштун сыноолорунан да өтүп, бардык нерсени жылдардын агымы менен түшүнөт экенсиң. Азыр атам бар болсо, көп маселелерди талкуулап отурмакмын. Кадимкидей атамды сагынам, караанына зар болом, түштөрүмдө көрсөм дейм. Бирок, баары кеч. Бир гана карманганым, атамдын мага табыштаган турмуштук баалуулуктарын, насааттарын көкүрөгүмө түйүп, балдарыма, жакындарыма айтып берем.
— Атаңыз Ашым Жакыпбековдун сөөгү кайда коюлган?
— Атамдын сөөгү Таласта Шекер айылында өзүнүн апасынын жанына коюлган. Атамдын мүрзөсүнө эстелик койдургам. Мен анда 20 жашта элем. Атамдын кан басымы жогору болуп, жүрөгү ооручу. Инсульт алып, күтүүсүз жерден 59 жашында оорудан улам каза болгон.
— Апаңызды эскерип берсеңиз? Жалпы үй-бүлө, бир туугандарыңыз тууралуу айтсаңыз?
— Апамдын аты Күкүн болчу. Ал акылман, мыкты адам болгон. Атама чайын дайындап, эшиктен келгенде жылуу тосуп алып кам көргөн инсан апам болгон. Атам, апам экөөнүн жаштыгынын көбү мурунку Фрунзеде көбүрөөк өткөн десем болот. Атам борбордогу ар түрдүү редакцияларда, Кыргызфильмде иш алып барган. Ал ортодо ата-энем Таласта, Шекерде да жашашты, ал жакка атам үй салган. Атам бул дүйнөдөн өткөндөн кийин 10 жылдан соң апам да каза болуп калды. Биз үй-бүлөдө 2 бир тууганбыз, эжем жана мен. Эжемдин аты Кымбат, үй-бүлөсү менен Бишкекте жашайт.
— Атаңызга байланышкан дагы кандай өзгөчө окуяларды эстей аласыз?
— Мен бул окуяны атам менен иштешкендерден уккан элем. Ал учурда атам «Кыргызфильм» киностудиясында эмгектенчү экен. Бир күнү эле ал студияга Кыргызстан КП БКнын 1-секретары Турдакун Усубалиев келиптир. Ал жердегилердин баары даярдык көрүп, уу-дуу түшүп, жолугушуу кыргыз кино тармагы боюнча пикир алмашуулар менен коштолуптур. Ал эми атам Ашым Жакыпбеков Турдакун Усубалиевге кыргыз кино фильмин жакшыртуу боюнча катар-катар сунуш-суроолорун бере баштаптыр. Кесиптештери “атамдын кулагына шыбырап, суроолорду азайтыңыз, акырын айтыңыз, көп нерсени козгобой эле коюңузчу” дешет экен. Ал эми атам болсо кое тургула, сурап алаар маселелерим бар деп жоопторун алганга үлгүрүптүр. Бул окуяларды мага айтып берген кино ишмер ошол жолугушуу жөнүндө гезитке учурунда чоң макала жазган экен. Ал макаласында атамдай ачык, адилеттүүлүктү сүйгөн адам гана “Теңири Манасты” сиңирип, батынып жазаарын баса белгилеген. Ал киши “Мен Ашым жаштыгына салып, өзүн көрсөткүсү келип, мамлекеттик жетекчиге курч суроолорун узатып жатат дегем, көрсө мен жаңылган экенмин. Мен Ашым Жакыпбековдун ааламын түшүндүм, ал жалпы журтка кам көргөн, касиет ыроологон, Манас дүйнөсүн аздектеген мекенчил инсан экенине ынандым”, деп макалакасына кенен баяндаган жайы бар.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атайын тескемесинин негизинде, жазуучу Ашым Жакыпбековдун 90 жылдыгы 10-октябрда кичи мекени Шекерде белгиленди. Бул иш-чарага кай жагынан кол кабыш кылдыңыз?
— Атамдын 90 жылдыгын уюштуруу демилгеси мамлекеттин көмөгү, атайын тескеменин негизинде Чыңгыз Айтматов районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан уюштурулду. Учурдан пайдаланып атамдын мааракесин уюштуруу идеясын колго алган бардык тиешелүү мамлекеттик мекемелерге ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Ал эми Таластагы бир туугандарым, жалпы жердештерим тикеден-тик туруп бул мааракени өткөрүүгө жардамын көрсөттү. Мен тилекке каршы, атамдын 90 жылдыгына катышуу үчүн алыстан барууга шартым туура келбей калды. Бирок уулу катары аз да болсо материалдык чыгымдарын көтөрүүгө аракет кылдым. Бир тууган Кымбат эжем да материалдык жардамын көрсөттү. Бишкектен эжемдин уулу, жээнибиз Артур Исаев дагы 90 жылдыкка кол кабыш кылып, көмөктөштү.
— Эми атаңыздын Манас дүйнөсүнө келип калганын, эпосту кара сөзгө түшүрүүсүн кандай сүрөттөйсүз? Ички дараметин көпкө даярдап, андан соң жазууга батынса керек?
— Атамдын Манас дүйнөсүнө аралашуусун, деги эле атам жөнүндө жаңы сөз, маалымат уксам деп ашыгам. Уулу катары менин баамымда, атамдын Манаска кызыгуусу жаштайынан эле башталган. Ал кез кыйын заман болгон, атам Ата мекендик согуштун кесепетинен өз атасынан эрте ажырап калган. Менин чоң энем, атамдын апасы да эрте каза болгон. Мындан улам атамды жана атамдын бир тууганын Алмабүбү деген эжебиз багып өстүргөн. Негизи эле Таластан атам жаштайынан Манас тууралуу окуя, баяндарды көбүрөөк угуп чоңойгон. Анткени, атамдын агалары баары «Манас» эпосуна кызыгуулары арткан адамдар болгон. Мындан тышкары баарыбыз билген Шекер айылында асман тиреген Манас жана Бакай ата чокулары орун алган. Атама ушул эки чоку да Манас тууралуу эскертип турганбы деп да ойлоном. Биздин үйдө Саякбай Каралаев, Сагымбай Орозбаков, Жусуп Мамайдын варианттарында «Манас» эпосу том-тому менен турчу. Атам ал китептерди күн-түн дебей окуп отурчу. Менин оюмча каалаган адам эле манасчы болом, мен Манас изилдейм деп алдыга чыга албайт болушу керек. Бул нерсеге Кудайдын тандоосу да таасирин тийгизет го деп ойлойм. Эпосту кара сөзгө түшүрүү шыбагасы атамдын тагдырына жазылганына сыймыктанам, бийик көрөм. Ал эми атамдын жан дүйнөсүндө Манаска байланышкан аян иштер болгон же болбогонун так айта албайм. Анткени атам бул тууралуу айтчу эмес. Балким болгон, балким болгон эмес. Бирок атам, «Манас» эпосуна өзгөчө мамиле кылчу.
— “Теңири Манасты” канча убакытта жазып бүткөн?
— Атам 3 миллиондук саптан турган эпосту күндүр-түндүр жүрөгүндө багып жүрдү. Атамдын максаты эпосту кыргыз элине жеткиликтүү деңгээлде, жеңил окууга багыттап, кара сөзгө түшүрүүнү ишке ашыруу болчу. 1985-жылы залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов баштаган инсандар, Жазуучулар союзу тарабынан атама «Манас» эпосун кара сөзгө түшүрүү тапшырмасы берилген. Атам бул улуу ишти 7 жыл аралыгында кара сөзгө түшүрүп, бүтүрдү. Билгенге эбегейсиз тарых. Бул ишти жазууда атам күн-түн дебей машинкасын басып отурчу. Атам жазып жаткан маалында кээде ыйлап, кээде сүйүнгөн учурлары эсимде. Бизге ойлору менен бөлүшчү. Атам 1992-93-жылдары «Манас» эпосун кара сөзгө түшүрүп, соңуна чыгарган. Эпос жарыкка чыкпай, кол жазма боюнча көп туруп калды. Атама эпостун кара сөзүн китеп кылып чыгарам деп Кыргызстандын биринчи Президенти Аскар Акаев убада берип, бирок айтылган убактысында чыгарган эмес. Бул нерсе менин да эсимде бар. Атам кадимкидей ыйлап, кыргызга “Манас” керек болбосо анда жазган кол жазмаларымды жок кылам дегенге чейин барган. Кийин Кудайдын буйругу менен “Манас” эпосунун 1000 жылдыгынын алдында “Теңири Манас” 50 миң нуска менен жарыкка чыкты. Эң өкүнүчтүүсү атам китептин жарыкка чыгышын көрбөй, бул дүйнөдөн өтүп кетти. Бул мен үчүн жашоомдогу чоң арман бойдон калды. “Теңири Манастын” чыгышына кыргыздын белгилүү адамдары кол кабыш кылышты, чуркашкан. “Теңири Манас” романынын уюштуруучу-редактору, коомдук ишмер Памирбек Казыбаев агайдын эмгегин да белгилегим келет. Ошол кездеги “Ыйман инсан” деген фонд да жардамын аяган эмес. «Теңири Манас» романы 1994-жылы жарык көрүп, атама көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. Бул китеп азыр деле мамлекеттин колдоосу менен кайрадан басылса деп ойлойм.
— Атаңыз “Семетей”, “Сейтек” эпосторун да кара сөзгө түшүрүүнү пландаганбы?
— Ооба, “Семетей”, “Сейтек” эпостору кара сөзгө түшүрүүгө даяр болуп калды деп атам айтып калчу. Эки эпосту 2 китеп кылбай, 1 китеп кылып чыгарам деген тилеги бар болчу. Тилекке каршы, ушул тилегине жетишпей каза болуп калды. Манасчыларды, манастаануучуларды адамдар тандабайт деген ойдомун.
— Сиз алыскы Америкада жүрүп, «Манас» эпосун америкалыктарга тааныштыруу, жайылтуу сыяктуу аракеттерди жасап көрдүңүзбү?
— Бул жакта мен жалгызмын. Бирок, Америкада учурунда маркум коомдук ишмер Азамат Алтай агабыз менен биргеликте «Манас» эпосу тууралуу иш-чараларды өткөрүүгө аракет кылдык. “Теңири Манасты” англис тилине которууга мамлекет тараптан да колдоо болсо чыгарсак жакшы болмок. Кино, мультфильмдерди тартуу менен да эпосту даңазалоого шарт түзүлсө деген ойлорум бар.
— Жакында Президент Садыр Жапаров Чыңгыз Айтматовдун 2028-жылы 100 жылдыгын өткөрүү боюнча Жарлыкка кол койду. Атаңыз Ашым Жакыпбеков Айтматовдун чыгармаларын кыргызчага которгон. Эки улуу инсандардын байланышы, мамилеси, иштери тууралуу эмне айталасыз?
— Залкар жазуучунун 100 жылдыгы өз мекенинде, дүйнө өлкөлөрүндө татыктуу деңгээлде белгилениши зарыл. Ал эми атам менен Чыңгыз Айтматов экөө көп сүйлөшчү, ой бөлүшчү. Эки инсан бир өзөндүн суусун ичип чоңойгон. Атам Айтматовдун көптөгөн чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Бир окуяны айта кетейин. Атамдын Айтаалы Жакыпбеков деген агасы бар болчу. Ал киши 1920 — жылы төрөлгөн экен. Чыңгыз Айтматовдон жашы боюнча улуураак киши болгон. Ата Мекендик согуш маалында айыл өкмөттүн жетекчиси болуптур. Атамдын ушул Айтаалы агасын кийин Чыңгыз Айтматов өз эскерүүлөрүндө эскергени бар. Анда атамдын агасы Айтаалы жашоосунда үлгү болгонун баса белгилеген. Анткени, Айтаалы чоң атабыз акылдуу, көрөгөч, чынчыл болуптур. Айтаалы Жакыпбеков чоң атабыз согуштан кайтпай калган. Шекердеги үйүбүздө Айтаалы чоң атамдын булгарыдан жасалган портфели бар болчу. Кийин Чыңгыз атабыз Шекердеги атамдын үйүнө келип, Алмабү апамдан Айтаалы чоң атамдын булгаары портфелин белекке мага бериңизчи деп сурап алып кетиптир. Андан кийин, арадан көп жыл өттү, атам Ашымбек да өмүрдөн өтүп кеткен кез болчу. Күндөрдүн биринде Чыңгыз Айтматов менен жолугуштук. Чыңгыз агабызга атам жазып кеткен “Теңири Манас” китебин белекке өз колум менен бердим. Бул жолугушууда Чыңгыз Айтматов мени бир топко көзүн албай карады. “Балам сенде Ашым атаңдын да, Айтаалы Жакыпбеков чоң атаңдын да сапат, мүнөздөрү бар экен” деген. Чыңгыз агабыздан бул сөздү угуу мен үчүн абдан ардактуу, сыймыктуу болгон.
— Атаңыз белгилүү адамдардан дагы кимдер менен көбүрөөк пикир алышчу?
— Атамдын Чыңгыз агабыздан кийинки эле жакыны, досу – Кыргыз Эл баатыры, маркум Бексултан Жакиев болгон. Ал кишини мен “ата” деп айтчумун. Бул кишилер менен үй-бүлөлүк катышыбыз да бекем болгон. Атам ошондой эле Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиев менен да жакшы пикир алышчу. Сүйүнбай агабыз атамдын жаш курагынан бир топ эле улуу болчу. Бирок, атам болушунча улуу адамдардын сөзүн угууга, дидарлашууга ашыкчу. Анын үстүнө кошуна болуп да жашачубуз. Кыргыз маданиятынын сап башында турган инсандар Насирдин Байтемиров, Төлөмүш Океев, Өскөн Даникеев, Мар Байжиев, Нуртай Борбиев өңдүү залкарлар менен пикирлеш болгон. Атамдын дагы бир жакын досу кыргыз совет актеру Сүймөнкул Чокморов болгон. Мезгил өтүп, не бир деген улуу залкарлар бул жашоо менен коштошуп кете беришти. Биз кичинекей чакта атам адамдар менен бир дасторкон четинде отуруп, ар түрдүү темада аңгеме курушчу. Мен кичинекей болуп көп нерсени түшүнбөсөм да аларды карап отуруу мага кызык болчу. Эмне деген залкарлар өтүштү да кетишти.
Мээрим Бактыбек кызы