Бүгүн, 12-апрелде Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Асия Сасыкбаева үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сасыкбаева 20-июнга чейин үй камагында болот.
Белгилей кетсек, ага “Массалык баш аламандык” беренеси менен айып тагылган. Сасыкбаева былтыр октябрь айында камакка алынган болчу.
Мындан тышкары бүгүн Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган саясатчы Мамбетжунус Абылов жана Клара Сооронкулова үй камагына чыкты.