"Эркин-Тоо"

Аскар Акаев лекция окубай турган болду

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде экс-президент А.Акаев окуй турган лекция болбой калды. Бүгүн 22-майга болжолдонгон лекцияны жокко чыгаруу чечимин аталган окуу жайдын  ректору Мирлан Чыныбаев кабыл алганы айтылды.  Бул тууралуу окуу жайдын кызматкерлери АКИpress агенттигине билдиришкен.

Университеттен  лекцияны расмий түрдө жарыялабаганын, ошондой эле студенттер тарабынан аны жокко чыгаруу боюнча жазуу жүзүндөгү кайрылуу болбогонун белгилешкен.

Эске салсак  буга чейин Аскар Акаев жана анын жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келишкен жана Аскар Акаев Политехникалык университетте жана Илимдер академиясында лекция окуй турганы тууралуу маалымат тараган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!