Мурдагы президент Аскар Акаев ушул жылдын 5-сентябрында Жогорку Кеңешке экс-президент макамын калыбына келтирүүнү өтүнүп, кат жиберген.
Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш жана сот укук маселелери боюнча комитетинде Аскар Акаевдин экс-президент макамын кайтарып берүү боюнча жазган арыз каралып, канаттандыруудан баш тартуу чечими кабыл алынды.