"Эркин-Тоо"

АСКАР БЕШИМОВ ИНДИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИККЕ АТТАНДЫ

Узаган жуманын урунттуу жаңылыгы Аскар Бешимовдун эски жайытына кайтып келиши кадрдык жүрүштөрдүн жанданганынан кабар берүүдө. Дээрлик 7 жылга жакын Тышкы иштер министринин орун басары, тармактагы бир катар кызматтарды ырааты менен басып, Малайзия, Түштүк Корея баштаган өлкөлөрдө элчиликти аркалап келген каарманыбыз мындан ары Индиядагы элчиликти аркалайт. Дасыккан дипломат, билими менен иши айкалышкан белгилүү саясатчы бул кызматынан да тармактан чыккан күчтүү кадр катары өлкөбүзгө пайда келтирерине бөркүңөрдөй ишенсеңер болот. Элчилик кызматтарга сырттан келген же “критке чабылган” саясатчыларды эмес, тармактан чыккан дал ушундай такшалган дипломаттар келсе, өлкөбүз үчүн алды утуш гана болот да, туурабы?