"Эркин-Тоо"

АСКАР САЛЫМБЕКОВ АТ-БАШЫГА АЖАЙЫП КИТЕПКАНА ТАРТУУ КЫЛДЫ

31-август Эгемендүүлүк майрамыбыздын урматына Нарын облусундагы Ат-Башы районунда Бүбүсайра Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасынын ачылыш салтанаты болуп өттү.

Ат-Башыдагы билим-илимдин алтын уясына айланган бул китепкана алгач “Кызыл үй” аталышында 1930-жылы уюшулган. Кылымга тете убакыттан бери Нарын облусунун тургундарын тейлеп, агартуу иштерин бүгүнкү күнгө чейин аткарып келген бул жайга 2003-жылы Ат-Башыдагы алгачкы ардактуу китепканачылардан болгон Бүбүсайра Кыдыкованын ысымы берилген. 2023-жылдын май айында Маданият, маалымат, жаштар саясаты жана туризм министрлиги менен Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы жана көп тармактуу “Дордой” ассоциациясынын демөөрчүлүгү астында райондук китепкананын жаңы имаратына капсула салынып, 2024-жылдын май айында райондогу билим-илимдин ордосу окурмандарды кабыл алууга даяр болду.

Маданият министрлигинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги №283 буйругунун негизинде “Ат-Башы райондук китепканасы” мекемеси “Б.Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасы” мекемеси болуп өзгөртүлүп, жобосу бекитилди. Учурда калкты китепканалык жактан тейлөөдө райондук китепкананын китеп фонду – 57 547 нуска китепти түзөт. Заманбап китепканага өз кезегинде Бүбүсайра Кыдыкованын ысымы бекеринен ыроолонгон эмес. Каараныбыз Нарындын Ат-Башы өрөөнүндөгү алгачкы китепканачылардын бири болгон. Согуш башталган жылдары аны (фронтовиктин сабаттуу, билимдүү келинчеги катары) райондогу Кара-Коюн айыл кеңешинин көчмө китепканасынын башчылык жумушуна дайындашат. Бул жерде жаңылыктын жарчысы болуп өз ишин жакшы билип, эл менен бирге кыйынчылыгын көтөрүп иштей алгандыгы үчүн аны 1941-жылы жазында Көкөмерен-Кабак (Жумгал) жолундагы тилкеде жайгашкан китепканага башчы кылып бекитишкен. Ошол учурдагы оорчулуктарга карабай ал зор ишеним менен бекитилген ишинин жоопкерчилигин сезип иштеп берет. Согушта болуп жаткан жаңылыктарды элине айтып берүү менен бирге гезит-журналдардын жаңы сандарын окурмандарга учурунда таратып, акындардын “Душмандарды жеңебиз!”, “Согушка кеткендер жеңиш менен кайтып келишет!” деген жалындуу сөздөрүн айтып, айылдаштарынын жашоого болгон үмүттөрүн жандырып, дем берип тургандыгы ушул күнгө чейин аталган аймактагылардын арасында узун-сабак кеп болуп келет.

Ат-Башылыктардын арасында акылынын тунуктугу, билимге өтө ынтызарлыгы менен оозго алынган Бүбүсайра Кыдыкова кыргыздын маңдайына жаралган ири ишкери, кадимки Аскар Салымбековду жарык дүйнөгө алып келген энеси экенин көпчүлүк биле бербейт. Өз заманынын билим-илимдүү айымы катары уул-кыздарын бармактайынан китеп менен дос кылса, Аскар Салымбековго 5 жашында “Китеп менин жакыным, Китеп менин асылым” деген ырды жаттатканы, ал ыр күнү бүгүн да Аскар Мааткабыловичтин эсинде экен. Энеси Бүбүсайра Кыдыкованын китепке шыктантуусун жашоосунда эш тутуп, ошондон тарта китептен башын албаган, кийин ишкерчиликте иши жүрүшүп, өлкөдөгү алдыңкы бай адамдардын катарына кошулганда дагы апасынын “Сараң Бай” жөнүндөгү жомогун эсине түйүп, жашоодо берешендиктин бийик үлгүсүн көрсөткөн Аскар Мааткабылович оор мезгилде Кыргызстанда гана эмес, Орто Азияда жүз миңдеген үй-бүлөлөр жан баккан көп тармактуу “Дордой” ассоциациясын түптөдү. Бүгүн бир кездеги балалык кыялдарына жеткен инсан киндик каны тамган кичи мекенине Орто Азия чөлкөмү суктангыдай апасы Бүбүсайра Кыдыкованын наамындагы бардык заманбап шартка ээ инновациялык китепкананы тартуу кылгандыгы көпчүлүктүн, өзгөчө Ат-Башылыктардын алкоосуна айланган чагы.

 Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!