"Эркин-Тоо"

Аскат Алагөзов: «Жол эрежесин бузган айдоочунун күбөлүгү убактылуу алынат»

Учурда жол кырсыгы көп катталып жатат жана буга себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эрежени билбеген, айдоочулук күбөлүктү сатып алган адамдар болууда. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып, айдоочуларга кайрылуу жасады:
«Урматтуу кыргызстандыктар!
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, ушул жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар үчүн токтотулган жерден жол эрежелери боюнча суроо иши башталат.
Кимде ким жол эрежелерин билбесе, ошол замат айдоочулук күбөлүгү алынып, “Унаа” мекемесине убактылуу жөнөтүлөт (айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылбайт).
Айдоочу каалаган убактысында “Унаа” мекемесине барып, жол эрежелери боюнча кайрадан сынактан өтсө, айдоочулук күбөлүгү дароо кайтарылып берилет. Сынактан өтпөсө, кийинкиге калтырылат.
Мындай иш эмне себептен башталганы турат?
90-жылдардан кийин көпчүлүк адамдар айдоочулук күбөлүктү окубастан эле сатып алган учурлар арбын болгон. Көпчүлүгүбүз сатып алганыбызды моюнга алышыбыз керек. 20-30 пайызы гана окуп алган болушу мүмкүн. Ошондой эле 2020-жылга чейин айдоочулук күбөлүк 15-20 миңден сатылып келгени жалпыга маалым.
Тилекке каршы, учурда жол кырсыгы көп катталып жатат. Жол кырсыгына себеп болгон айдоочулардын көпчүлүгү эреже билбей, айдоочулук күбөлүктү сатып алгандар болуп чыгууда. Жол эрежесиндеги беш белгини көрсөтсөң, бешөөнү тең билбегендер четтен чыгат.
Статистикалык сандарды мисал келтирбей эле коёюн. Жол кырсыгынан каза тапкан мекендештерибиздин саны арбын. Көбүнчө дал ушул эреже билбегендердин айынан айрымдары жетим калып, айрымдары алмончоктой уул кыздарынан айрылып, ичтеринен кан өтүп, жер муштап олтуруп калып жатышат. Дагы канчасы майып болуп калууда?!
Ошондуктан Президентибиз 1-сентябрга чейин ички иштер министри менен “Унаа” мекемесинин жетекчисине бул багытта иш-аракеттер планын иштеп чыгууга тапшырма берди.
Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу биринчи жолу кайра тапшырууга жөнөтүлгөндө, сынак үчүн 500 сом, ошол эле айдоочу өтпөй калып, экинчи жолу кайра келсе 1000 сом, үчүнчү жолу тапшырууга келсе, 2000 сом төлөйт. Үчүнчү жолу дагы кулап калса, анда төртүнчү жолу сынак тапшыруу 4000 сом болот.
Бул механизм айдоочулардын сынакка жакшылап даярдануусуна түрткү болсун деген максат менен иштелип чыкмакчы.
Алдыбызда 1-сентябрга чейин дагы 5 ай убакыт бар. Жол эрежелерин тиешелүү деңгээлде билбегендер, өтүнүч, жаттай баштагыла.
1-сентябрдан баштап айдоочулук күбөлүгүңөр “Унаа” мекемесине жөнөтүлө баштаса, нааразы болбоңуздар.
Бул процедуранын баары видеожазуулар менен коштолот. Биринчиден, эч ким МАИ инспекторлорун күнөөлөй алышпайт. Экинчиден, жол эрежесин билбегендер, өздөрү эле уят болушат.
Ошондуктан бүгүнтөн баштап, 5 ай бою жол эрежелерин жаттай баштайлы, мекендештер.
Ар бир адамдын өмүрү, ден соолугу үчүн жоопкерчиликти сезе билели.»