"Эркин-Тоо"

Аскер кызматкерлери тарабынан жасалган кызматтык жана коррупциялык багытындагы кылмыш иштердин сотто кабыл алынган чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынан маалымат

 Акер кызматкерлери тарабынан жасалган кызматтык жана коррупциялык багытындагы кылмыш иштердин сотко жиберилген жыйынтыгы менен, мамлекеттик айыптоону колдоодо, сот тарабынан мыйзамдуу жана адилеттүү чечим кабыл алынуусу боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан тийешелүү иш чаралар алынып барылууда.

Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы тарабынан 2023-жылдын 1-кварталына карата тергөөсү аяктап, сотко жиберилген кылмыш иштердин алкагында мамлекеттин эсебине жалпысынан 1 039 638 133 (бир миллиард отуз тогуз миллион алты жүз отуз сегиз миң бир жүз отуз үч миң ) сом өндүрүлгөн кылмыш иштер боюнча сот тарабынан күнөөлүү адамдарга карата тийешелүү айыптоо өкүмдөрү чыгып, алар ар түрдүү жазаларга кириптер болушкан.   

Мисал катары белгилеп кетсек, А.Т.Б. жана Д.К.Т. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (КРнын УКМКнин) кызматкерлери атайын ыйгарым укукка ээ болуп туруп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик байланыш агенттигинин (мындан ары КРнын МБАнин) радиожыштык спектрин эффективдүү пайдаланууну жөнгө салуу боюнча кызмат адамдары менен биргеликте коррупциялык байланышта, материалдык пайдаларды жана артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу максатында мамлекеттин жана коомдун талаптарына карама-каршы келген аракеттерди жасап, өзгөчө оор кылмыш ишин жасашкан.

Атап айтканда, МБА тарабынан «Скайнет Телеком» ЖЧКна 2019-жылдын 14-декабрына чейин колдонуу мөөнөтүнө берилген радиожыштык спектрин пайдалануу боюнча Лицензиясынын мөөнөтүн узартуу боюнча арызды тапшыруу мөөнөтүү өтүп кеткендигине карабай, КРнын МБАне кураторлук жүргүзгөн КРнын УКМКнин кызматкерлери А.Т.Б. менен Д.К.Т., КРнын МБАнин кызматкерлери менен биргеликте өз ара келишип, «Скайнет Телеком» ЖЧКнын кызыкчылыктарын көздөп, тийешелүү иш кагаздарын бурмалашып, компанияга мамлекет тарабынан берилген радиожыштык спектрин натыйжасыз пайдалануусуна жол беришкен.

Бирок, КРнын УКМКнин кызматкерлери А.Т.Б. менен Д.К.Т. байланыш тармагындагы мыйзам бузууларга карабастан, акчалай сыйлык алууга кызыкдар болушуп, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы аракеттенишип, 2019-жылдын 5-декабрындагы №570-пр буйругу менен «Скайнет Телеком» ЖЧКнун лицензиясынын жарактуу мөөнөтүн узартуу боюнча чечим кабыл алуусун камсыздашкан.

Ал эми, «Скайнет Телеком» ЖЧКнун арызын артка карай кабыл алгандан кийин, жогоруда көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматкерлер Скайнет Телеком» ЖЧКнан 4 000 (төрт миң) АКШ долларын алышып, өз кызыкчылыктарына ыйгарып алышкан.

Жогорудагы кызматкерлердин коррупциялык аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 6 212 850 (алты миллион эки жүз он эки миң сегиз жүз элүү) сом зыян келтирилген.

Кылмыш иштин алкагында Аскер прокуратурасы тарабынан күнөөлүү адамдарды кылмыш жоопкерчлигине тартуу менен аларга карата көрүлгөн чаралардын негизинде мамлекетке келтирилген зыян толугу менен өндүрүлүп, КРнын УКМКнин кызматкерлери А.Т.Б. менен Д.К.Тге тергөө тарабынан КРнын КЖКнин 42-бер., 319-бер. 1-б. (коррупция) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен айыптары угузулган.

2022-жылдын 18-февралындагы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен КРнын УКМКнин кызматкери А.Т.Б. КРнын КЖКнин 42-бер., 319-бер. 1-б. менен күнөөлүү деп табылып (2017-ред.), 260 000 сом айып пулуна кириптер болгон, ал эми Д.К.Т. КРнын КЖКнин 320-бер. 1-б. (2017-ред.) менен күнөөлүү деп табылып, 300 000 сом айып пулуна кириптер болгон.

 

 

Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!