"Эркин-Тоо"

Аскердеги алешимдиктер качан токтойт?

Жабылуу аяк жабылуу бойдон калды…

“Бул аскер бөлүгүндө мыйзамдуу жана мыйзамсыз иштер болуп келатат. Жоокерлерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп, алардын колу-буту сынып, көзү кыйшайып калган окуялар бар. Ачык жана жабык сыныктар бар. Жаап-жашыруу болуп, аны ачык айтып чыккан мени аскер бөлүктүн командири оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, жеке жашоомо чейин кийлигишүү болууда. Мен бул тууралуу Бишкек шаарына чейин барып, жогорку кызматтагы аскер адамдарына айткам, бирок бул жерде “карга карганын көзүн чукубайт” болууда. Анан калса аскер бөлүктүн ашканасына жоокерлерге деп алынып келинген азык-түлүктүн сапаты начар, алтургай айрым учурларда өлгөн малдын эти колдонулган жагдайлар бар”.

Бул УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынын №2028 аскер бөлүгүндөгү кенже сержант Жылдыз Асанакунованын коомчулукка ачык кайрылуу менен чыккандагы пикири. Кенже сержант Асанакунова №2028 аскер бөлүгүндө жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, азык-түлүктүн сапаты тууралуу интернет аркылуу 6-февралда ачык айтып чыгып, өлкө жетекчилигине кайрылган. Ал соңку 10 жылдан бери аталган мекемеде фельдшер болуп иштеп келатканын, аскер бөлүктөгү алабармандыктар менен терс көрүнүштөр жөнүндө жетекчисине, жогорку кызматтагыларга айтканын, бул үчүн өзүнө басым болуп жатканын билдирген. Мамлекеттик чек ара кызматы кенже сержант Жылдыз Асанакунованын билдирүүсүн четке какса, Башкы прокуратура баш болгон укук коргоо органдары анын айткандары далилденбегенин белгилүү бир убакыттан соң билдирди. Ошентип, жыл жаңыргандагы кыргыз армиясындагы алгачкы алешимдикти айтып чыккан кенже сержанттын айткан-дегени далилденбей, “кимди-ким көрдү” таризинде жабылып калгандыгы көпчүлүккө жаңылык деле болгон жок.

Сандардын тилине салганда

Аскер прокуратурасынын маалыматына ылайык, 2010-2016-жылдары кыргыз армиясында соңку алты жылда 84 жоокер көз жумган. 2016-жылдын алгачкы 6 айында аскердик милдетин өтөп жаткан төрт жоокер өмүр менен кош айтышкан. Тиешелүү органдардын берген расмий маалыматтарында көз жумган жоокерлердин 65%ы өз өмүрүнө кол салган деп айтылат. Бирок коомчулукта мындай маалыматка ишеним аз. Анткени, өзүн-өзү өлтүрдү деп саналган айрым учурларда жоокерлердин жакындарынын аракети менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жыйынтыгы 15 жоокердин өлүмүнө чоңсунуу же уставга туура келбеген мамилелер себеп болгонун аныктаган. Бул эми 6 жылдагы көрсөткүч. Андан бери абал өзгөрдүбү?..

4 жылда 62 жоокер каза болгон

Коргоо министрлигинин 2017-жылдан 2021-жылга чейинки отчетунда, аталган жылдар ичинде өлкөдөгү аскер бөлүктөрүндө 62 аскер кызматкери каза тапкан, алардын 12си суицидке барганы айтылат. Мындан сырткары аскерде жүрүп зомбулукка туш болгон жоокерлердин окуясы айрым учурда ачыкка чыгып, коомчулукту нааразы кылган жагдайлар да бар. 62 аскердин каза тапканы өз кезегинде коомчулукта чоң нааразычылыктар жаратып, миллиарддаган калкы бар өлкөлөрдө да мынчалык санда аскерлери өлүмгө учурабаганына кейиген андагы депутат Руслан Казакбаев “4 жылда 62 жоокер каза болуптур. Кыргызстанда эмне согуш жүрүп жатабы? – деп парламенттен тиешелүү аскердик жетекчилерге суроо салып, коңгуроо каккан.

“Балдардын аскерге даяр эместигинин көрүнүшү…”

Биз болгону жогорудагы мекен алдындагы ак кызматын аркалап жүрүп, каза тапкан аскерлерибиздин санын гана тизмектедик. Кыргыз армиясындагы чоңсунуу, үстөмдүк кылуу бар экенин айрым адистер айтып, буга балдары армияда каза болгон же жаракат алган, сабалган жоокерлердин ата-энелери да даттанып келет. Ал эми аскерде кызмат өтөп жүрүп каза болгон жоокерлердин жакындары расмий версияга ишенбей, шектүү жагдайлар көп экенин айтышат. Кыргыз армиясынын 2022-2023-жылдар ичиндеги жакшы-жаман, өлүм-житимин тактаган статиска азырынча чыга элек. Коргоо министрлигине кайрылганыбызда бул жагынан маалыматтар жөн-салды эле айтыла бербестигин, бир катар талаптарды аткаруу керектигин, кыскасы, бул жагынан тоодой “бюрократия” бар экенин айтып, алакан жайышты. Ал эми аскердеги мекен коргоочулардын өлүмдөрү тууралуу коргоо министрибиз Бактыбек Бекболотовдун “балдардын аскерге даяр эместигинин көрүнүшү” деген өткөн жылдагы жүйөөсү коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Андан бери кыргыз армиясындагы бир катар кыңыр иштер арты-артынан катталып жатса дагы министр Бекболотовдун кылы кыйшайбай кызматында отурушу көпчүлүктү таңгалдырууда.

Баш прокурордун ташка тамга баскандай маалыматы

Коргоо министрлиги 2022-2023-жылдагы аскердеги алешемдиктерди расмий ачыктабаганы менен Башкы прокуратура бул жагынан чуулгандуу маалыматтарды чыгарган. Мыйзам көзөмөлдөөчү органдын билдиришине караганда өткөн жылы Куралдуу күчтөр баштаган аскердик түзүлүштөрдө мурдагы жылга салыштырмалуу 7,8%га кылмыш иши көп катталган. Былтыр дагы кыргыз армиясында жоокер өзүн өзү атып алды, жанын кыйууга барды деген жагымсыз окуялар байма-бай жүз берген. Өткөн жылдын аягында, декабрда Чек ара кызматы Ош облусунда 18 жаштагы жоокер өзүн өзү кокусунан атып алып мерт болгонун билдирген. Анын алдында, ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ички аскер бөлүгүндөгү 21 жаштагы жоокер 20 жаштагы аскерди атып салганын кабарлаган.

Курманкул Зулушев аскер кызматкерлеринин өзүн өзү атып алуусу, өзү өзү асып алуусу, чоңсунуу көрүнүшү, коргоо министрлигиндеги командирлердин жемкорлукка байланышкан шектүү жүрүштөрү өңдүү фактылар боюнча жетишерлик деңгээлде иш алып барбагандыгы үчүн аскер прокурорун иштен алышканын, азыр жаңы аскер прокуроруна карата катуу талаптарды койгонун айтты. Аскердеги абал боюнча прокуратура жыл башынан эле ондон ашык кылмыш ишин козгошконун, коргоо министрлигинде болгон ар бир окуяны биз толук текшерүүгө алынаарын мыйзам көзөмөлдөөчү органдын башчысы айтып жаткан соң мындан ары бул тармакта терс көрүнүштөр кан буугандай токтобосо дагы кандайдыр бир деңгээлде басаңдаарына ишеним артып туралы.

Биз бул сапар кыргыз армиясындагы алешемдиктерди учкай гана тизмектедик. Коргоо министрлиги тармактагы терс көрүнүштөрдү көзгө сая көрсөтүп берген прокуратура органынын баасын “популисттик маалыматтар көбүрөөк орун алган” деп баалап жаткан азыркыдай шартта мындан ары тармактагы жылыш иштер жүз берерине ишеним канчалык экенин айтпай деле турсак болчудай…

 

Калыгул БЕЙШЕКЕЕВ

№13 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 16-февралы

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!