Президенттин Администрациясында өткөн аппараттык жыйында аскердик билеттерди жана эмгек китепчелерди санариптештирүүнүн алгачкы жыйынтыктары угулду.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев билдиргендей, эми жарандар аскердик билеттерин «Түндүк» мобилдик колдонмосу аркылуу санарип форматта колдоно алышат. Ошондой эле «Е-Кызмат» системасынын негизинде даярдалган электрондук эмгек китепчесин да «Түндүк» тиркемесинен көрүүгө мүмкүн болот.
«Эмгек китепчени санариптештирүү бул жөн гана ыңгайлуулук эмес, маалыматтардын аныктыгынын жана корголушунун кепилдиги экенин белгилейм. Башкача айтканда, система жумушчулар үчүн гана эмес, жумуш берүүчүлөр үчүн да коопсуздукту камсыздайт. Эмгек китепчелерин санариптештирүү жөн гана технологиялык жаңылоо эмес. Жалпысынан, эмгек китепчелерин санариптештирүү менен ар бир жараныбыздын эмгек тарыхынын аныктыгын, маалыматтарынын коопсуздугун жана жеткиликтүүлүгүн түзүүгө карай маанилүү кадам жасадык», – деп билдирди Төрага.

