Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери akipress.org маалымат агенттигинде пресс-конференция өткөрүшүп, жетекчиликтин ишине бир катар даттанууларды айтышкан.
Пресс-конференцияда сөз сүйлөгөн цирк артисти Айнура Жолдошбековага кайрылганыбызда буларга токтолду: “Биз адамдарга жакшы маанай тартуулоо менен жөн гана тынч иштегибиз келет. Кайсы жетекчи келет, айырмасы жок. Бирок сөз жеке учурлар тууралуу болгондо циркте түшүнбөстүктөр жаралууда. Эң башкы маселе, жетекчи коллективди бир канча бөлүккө бөлүп, өз кызматын так аткарбай жаткандыгында. Мисалы, циркте өтө турган программага аз калган учурда көзөмөлдөөчү кызматкердин колунда толук мазмун жана чыга турган артисттердин аты-жөнү жазылган барак бар экен. Мен качан чыгарымды сураганымда аты-жөнүм тизмеден табылган жок. Көрсө программадан алып салыптыр.
Фатима Мукушева өңдүү циркте 60 жылдык тажрыйбасы бар артисттерибиз жаштарды тарбиялап чыгаруу муктаждыгы болуп турган чакта келишими бүттү делип, жаңысын түзүүгө макулдук берилбей, иштен кетти. А чындыгында мындай адамдар циркибиздин өнүгүшүнө чоң салым кошуп, жаңы чыгып келе жаткан артисттерибизге өз тажрыйбасынан алынган шык-жөндөмдөрүн үйрөтүү менен келечегине жол көрсөткөн багыт болушмак. Асланайым Аширова жетекчи катары баарыбызды чогултуп, ынтымакка чакырышы керек эле. Бирок бөлүп-жаруу, өз билемдик менен аткарылган иштер болгондуктан кээ бир кызматкерлер жумушунан айдалып, кээ бирлери өз каалоосу менен иштен кетип жатышат. Мындай жетекчи менен иштөө биз үчүн кыйын болууда. Албетте, биз ортобуздагы мамилени оңдоого көп жолу тырыштык. Бирок оюбуз ишке ашкан жок. Ушул сыяктуу дагы башка маселелерден улам пресс-конференцияга чыгууга туура келди”.
Ал эми Кыргыз циркинин жетекчиси Асланайым Аширова бул боюнча: “Бүгүнкү күндө мен мамлекеттик циркти эл аралык деңгээлге чыгарууну максат кылып, аны ишке ашыруу аракетин көрүп жаткан учурум. Албетте, жетекчилик иш – бул жоопкерчиликтүү кызмат жана жамааттын ичинде ар түрдүү адамдар болот. Кээ бир артисттерибиз жумушка келбей, программалар үзгүлтүккө учураган кездер орун алууда. Акыркы жылдардагы чыгарылган жаңы программалардын жоктугу дагы чоң маселе. Булардын баарын эске алуу менен жетекчи катары чара көрүүгө укугум бар. Арызданган артисттерге менин ошол эле жумушка күн сайын келүү, программаларга өз убагында даярдык көрүү милдеттерин эскертип, талапты катуу койгондугум жакпай калды. Бирок жетекчи так иштеп, баарына катуу талаптарды койбосо, иш алдыга жүрбөйт деп ойлойм.
Фатима Мукушева цирктин буга чейинки директору Боромбаев Рыскул Мамбеткулович менен келишим түзгөн жана келишим 2024-жылдын 31-декабрына чейин гана болгон. Мыйзам жүзүндө иштин жүрүшүнө жараша менин келишимди кайрадан жаңы түзгөнгө же түзбөгөнгө укугум бар. Фатима Мукушева менен сүйлөшкөнүбүздө, келечекте цирк өнөрүнө машыктыруучу катары балдарды тарбиялап чыгарууну кааларын айткан. Бирок бизде азырынча “машыктыруучу” деген штат жок болгондуктан, жаңы ачкан соң жумушка алууну макулдашканбыз. Бирок ага жетпей эле пресс-конференция өткөрүп, туура эмес пикирлер айтылды. Мунун аркасында жаңыдан жанданып келе жаткан Кыргыз циркибиздин кадыр-баркына доо кетип жаткандыгы өкүндүрөт” деген оюн билдирди.
Редакциядан: Гезит басмага даярдалып жатканда Асланайым Аширова А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору кызматынан бошотулганын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Ашированын кызматтан кетүүсүнүн себебин, 3 айга түзүлгөн эмгек келишиминин аякташы менен түшүндүрүштү.
Алтынай Нурдинова