Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын авиапаркы дагы бир жаңы учак менен толукталды. Компания Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү аба кемесин сатып алды. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, бул — авиакомпания тарабынан алынган үчүнчү учак. Учактарды алуу жана авиапаркты кеңейтүү иштери өлкөдөгү аба каттамдарын жандандыруу максатында жүрүп жатат.
Орунбеков белгилегендей, аймактардагы аэропортторду өнүктүрүү, жүргүнчү ташуучу учактар менен кызматтык тик учактарды сатып алуу иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул чаралар президент Садыр Жапаров аныктаган маанилүү багыттардын бири катары өлкөнүн авиация тармагын жандандырууга багытталган.