Мамлекеттик Asman Airlines авиакомпаниясы Бишкек–Нарын багытындагы алгачкы жүргүнчү каттамын ийгиликтүү аткарып, Нарын облусунун аэропортуна конду. Бул тууралуу “Кыргызстан Аэропорттору” ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Манас Самидинов билдирди.
Анын айтымында, бул каттам 2025-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда өтө турган Нарын аэропортунун оңдоп-түзөөдөн кийинки расмий ачылышына карата уюштурулган.
«Бул учуу — Тянь-Шандын жүрөгү менен борборубузду туташтырган Мекенибиздин канаттарынын кайра жаралуусунун символу болуп калды», — деди Манас Самидинов.
Анын белгилешинче, өлкөнүн аймактарын аба каттамдары аркылуу туташтыруу демилгеси аймактык өнүгүүнүн, калктын мобилдүүлүгүнүн жана экономикалык потенциалдын кеңейишинин маанилүү бөлүгү болуп саналат.
“Кыргызстан Аэропорттору” ААК аймактардын ортосундагы байланыштарды чыңдоого, элге жана ишкердикке жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга багытталган аракеттерди уланта берерин билдирүүдө.
Жаңыдан жанданып жаткан каттам кыргыз авиациясынын кайрадан өнүгүү жолуна түшкөнүнүн далили катары бааланууда. Нарын аэропорту аймактагы авиа инфраструктураны жакшыртуу жана ички каттамдарды жандандыруу максатында модернизацияланган.